Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

ИНДИЯДА ӨКМӨТТҮК КРИЗИС ТУТАНГАНЫ ТУРАТ


Индиянын өкмөтү кризиске кабылышы мүмкүн. Башкаруучу коалицияга кирген солчул партиялар,айрыкча коммунисттер жайчылык максаттагы ядролук энергетика тармагында эки тараптуу кызматташтык тууралуу былтыр АКШ менен түзүлгөн келишимди ишке ашырууга каршы болуп жатышат. Байкоочулар бул талаш кайра жангыс мүнөзгө айланып баратканын белгилеп,эмдиги жылы өлкөдө эрте шайлоо өтүп калышы ажеп эмес дешет.

Премьер-министр Манмохан Синг былтыр мартта президент Жорж Буш экөө кол койгон келишимди өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө өзгөчө маанилүү документ деп атады. Экономиканын өсүшүн жыл сайын сегиз проценттен түшүрбөй кармап туруу үчүн Индияга энергетиканын кошумча булагы зарыл. Мунай импорту быйыл үч айдын ичинде эле бюджетке 14 миллиард доллардан ашуун чыгымга турду.

Бирок өкмөттүк коалициядагы коммунисттер,ошондой эле оппозициядагы оңчулдардын Bharatiya Janata партиясы былтыркы келишим Индиянын суверенитетин чектейт,АКШга жана эл аралык мекемелерге,анын ичинде МАГАТЭге өлкөнүн тышкы саясатынын маанилүү бөлүгүн көзөмөлдөгөнгө мүмкүндүк берет деп эсептешет. Эгер келишим жүзөгө ашырыла баштаса,коммунисттер менен жалпы солчулдар блогу коалициядан чыгарын эскертишти. Премьер Синг менен бийликтеги Бириккен прогрессивдүү альянс коалициясынын төрайымы Сония Ганди парламенттеги солчул күчтөрдүн лидерлерин кеп-кеңешке чакырып, аларды позициясынан айныта алышпады. Натыйжада улуттук конгресс партиясы да чукул кеңешме чакырып,кырдаалды талкуулай турган болду.

Коммунисттер келишимге байланыштуу маселени кең-кесири талкуулоону сунуш кылды эле,парламент иштери боюнча министр Приа Ранжан Дасмунши муну четке какты. “Ар бир партия демилге көтөрүп, өз сунушун айта алат,бирок акыркы чечимди парламенттин бириккен комитетинде өкмөт кабыл алат,азырынча мунун зарылдыгы жок”,- деп айтты министр.

Байкоочулар өкмөттүк коалициядагы араз күч алып,тереңдеп баратканын,анын арты эмдиги жылы мөөнөтсүз шайлоого алып келиши ыктымал экенин айтышууда.Кокус коалиция кризиске туш келсе, Сингдин өкмөтү мыйзамдагы мөөнөтүнө - 2009-жылга жетпей бийликтен кетүүгө аргасыз болот.

Ядролук энергетика келишимине байланыштуу Дели өкмөтүндөгү чатак Индиянын коңшусу жана атаандашы Пакистандын да реакциясын пайда кылды. Исламабадда тышкы иштер министрлигинин өкүлү ядролук сынактарды жандантуу мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү индиялык жетекчилердин сөздөрүн Пакистан абдан агылгалап турганын айтып, буга жалпы дүйнө да кооптонуу билдирерин эскертти. АКШ менен Индиянын жарандык ядролук тармактагы кызматташтыгын Исламабад Делинин бул чөйрөдөгү күч-кубатын арттырат деп эсептейт.

Келишим АКШнын өзүндө да конгрессте ратификациядан өтө элек.

XS
SM
MD
LG