Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

АЖЫЛЫК САПАР БЫЙЫЛ КАНДАЙ УЮШТУРУЛАТ?


Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жана муфтияттын жетекчилиги 23-август күнү “Кабар” маалымат агенттигинде быйылкы ажылык сапарды ызы-чуусуз өткөрүү аракеттери тууралу маалымат жыйынын өткөрүштү. Жыйында быйыл Саударабстандын үч шаарында Кыргызстандын ажылык штабы уюштурулары, Мекедеги штаб үчүн кыргыздын бозүйү тигилип коюлары жана башка жаңылыктар жарыя болду.

Маалымат жыйынында быйыл дагы Кыргызстанга ажылык үчүн 4500 орун келгендиги кабарланды. Анын ичинен 1700 Ош шаары менен Ош облусуна, 1200 Жалалабат облусуна, 1000 Бишкек шаары менен Чүй облусуна, 400 Баткен облусуна, 100 Ысыккөл облусуна, 50 Нарын облусуна, 50 Талас облусуна бөлүнгөн. Бул бөлүштүрүү мындан мурдагы үч жылдын бөлүштүрүүлөрүнө карата жасалган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Тойгонбек Калматов быйылкы ажылык сапарды уюштуруудагы жаңылыктар катары автобус менен барууга таптакыр тыюу салынып, баарысы тең самолёт менен гана барышаарын жана ажылар үчүн Кыргызстандын кут белгилери салынган атайын форма тиктирилип берилерин жарыялады.

Жыйындан кийин байланышка чыкканыбызда, жогорудагы иш-аракеттер мындан мурунку ажылык сапарды уюштурууда эле жасалгандыгын Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы деректири Жолборс Жоробеков айтып чыкты.

Маалымат жыйынында айтылгандай, кыргызстандык ажылар үчүн быйыл мейманкана оруну жана бир жолку ысык тамак бекер болот. Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин азыркы деректири Тойгонбек Калматов андан ары ажылыкты уюштурууда Саударабстандын ажылык министрлиги менен макулдашылган маселелерди ортого салды:

- Биздин койгон талаптын негизинде, Саударабстандын ажылык министрлиги чечип берди – кыргызстандык 70 адам ажылыкты уюштуруу кызматкери деген макам менен иштейт жана алар Саударабстандын бир катар төлөмдөрүнөн бошотулат. Быйыл үч шаарда – Жиддада, Мединада, Мекеде кыргызстандын ажылык штабдары уюштурулат. Мекедеги башкы штабга кыргыздын бозүйүн тигебиз.

Муфтийдин биринчи орунбасары Сүйүналы-ажы Кулуевдин пикири боюнча, мурдагы ажылык сапарларында ажы башчылардын жана турфирмалардын жоопкерсиздигинен ажылыктын жолдо айтып барчу дубалары, түрдүү жерлерде айтылчу дубалары ажыларга үйрөтүлбөй, ажылык расмилери толук аткарылбай келген жана ага ушул жолу катуу басым жасалып жатат.

Ажылык расмилер аткарылчу курман айт быйыл болжолдуу түрдө же 22-декабрга, же 23-декабрга туш келет.
XS
SM
MD
LG