Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР МАЛИКИНИ КЫЗМАТТАН АЛУУ ИРАКТЫКТАРДЫН ЭРКИ


АКШ өкмөтү Ирактын премьер- министри Нури Маликини толук колдойт. Азыр согуштан астын- үстүн болуп жаткан Ирак кези келгенде Япония сыяктуу эркин, демократиялуу, бакубат өлкө болот. Азыр террорчулар менен жүрүп жаткан согуш саясый мүнөзгө ээ. Президент Буш мындай пикирин 22- августа чет жерлерде согушкан америкалык ветерандар менен Канзас шаарында болгон кездешүүдө айтты. Буштун бул сөзүн Ак Үй чоң саясый жарыя деп атады.

Серепчилер үчүн президент Буштун Ирак өкмөт башчысы Маликини колдоп, Ак Үйдүн ага болгон терс мамилесин түзөгөнү күтүүсүз болду:

-Премьер- министр Малики татаал ишти аркалап жаткан мыкты жигит, жакшы адам. Мен аны колдойм. Аны кызматтан кет деп айтуу вашингтондук саясатчылардын иши эмес. Бул диктатурадан бошонуп, демократияда жашап жаткан Ирак эли чечүүчү маселе.

Жорж Буш бир күн мурда Түндүк Американын лидерлери менен Ирактагы кырдаалды талкуулап жатып, Ирак өкмөтү “элдин талабына жооп бербесе”, алмашаарын айткан. АКШнын Ирактагы элчиси Крокер болсо Маликинин өкмөтүн Вашингтон “чексиз колдой бербесин” эскерткен эле. Бул сөздөрдү Малики шыр эле “таалим- тарбиясыздык” деп атаган.

Буштун айтышынча, азыр терроризмге каршы согуш жүрүүдө. Ал эми Японияда, Кореяда жана Вьетнамда америкалык аскерлер идеология үчүн согушкан:

-Бүгүн согуштун аты жана орду өзгөрүлдү. Бирок, анын түпкү мүнөзү өзгөргөн жок. Биздин мурдакы душмандарыбыз сыяктуу Иракта, Ооганстанда жана башка жерлерде согушуп жаткан террорчулар өздөрүнүн саясый көзкараштарын жайылтууну көздөшөт. Алардын планы эркиндикти, толеранттуулукту жана башка көзкарашты түп тамырынан жок кылуу.

Буш АКШ үчүн Вьетнам согушу 200 миллиард доллардан кымбатка турганын, согушта америкалык 57 миң аскер жана 1 миллиондой карапайым вьетнамдык өлгөнүн айтты. Серпечилердин баамында, Буш бул сөзү менен Ирактан америкалык аскерлерди чыгарып кетүү региондун элин капсалаңга сала турганына ишаара кылды сыяктанат.

Президент Буш АКШлык аскерлер жыл башынан бери 10 миңден ашуун ал- каидачыны жана башка согушчандарды жок кылганын же туткунга аоып, «мыкты жумуш” жасашканын айтты. Мындай ийгиликтен кийин, Буштун айтышынча, Конгресс аскерлерге согушка зарыл нерсенин баарын бериш керек. Анткени, террорчуларды жок кылуу Америка элинин коопсуздугу үчүн зарыл:

- Биз кетирген жаңылыштыктарга жана кабылган проблемаларга карабай, ирактыктар демократияны курушканы маанилүү. Бул америка элин бизге кол салууну көксөгөн террорчулардан коопсуз сактоо үчүн маанилүү.

2003- жылдын мартында АКШ башындагы күчтөр Иракка басып киргенден бери америкалык 3700 аскер катардан чыкты, жарадар болгондордун саны 27 миңден ашат.

XS
SM
MD
LG