Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:26

САБЫР ИПТАРОВ: МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТУУ - КӨЙГӨЙЛҮҮ МАСЕЛЕ


Бир аптадан кийин Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталат. Алгачкы коңгуроо кагылчу мектептерде окуучуларга билим бере турган мугалимдердин санынын аздыгы өлкөнүн билим берүү тармагы үчүн башкы проблемалардын бирине айланып бара жатат. Абалдан чыгуунун кандай жолдору бар? Бул жаатта Кыргыз билим берүү академиясынын мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун директору Сабыр Иптаров “Азаттыкка” өз ойлорун бөлүшкөн.

- Сиздер жер-жердеги мугалимдер менен дайыма кабарлашып, иштешип жүрөсүздөр. Мына келерки жумада жаңы окуу жылы башталганы турат. Кайсы аймактарда мугалимдердин санынын аздыгы, алардын деңгээлинин төмөндүгү тынчсыздандырып жатат?

- Бул баардык эле аймакка тиешелүү көрүнүш. Бирок анын ичинен борборго жакын Чүй облусунда мугалимдер жетишпей жатат. Мунун себеби бар. Облуста өнөр жай ж. б. сыяктуу акчалуу тармактар көп. Ага жакын болуп жаткандыктан мугалимдер дароо ошол тармактарга өтүп кетип жатышат. Калган облустарда текши. Нарын облусунда мугалимдер менен камсыз болуу түзүк.

- Демек, тоолуу аймактарда шаарга караганда, агартуу абалы түзүгүрөөк турбайбы анда?

- Анын да себеби бар. Себеби, ал жакта стабилдүү түрдө тыйын алышат. Бюджеттик мекеме катары. Ошондуктан алар колдон келишинче мектепте иштеп калганга аракет кылып жатышат.

- Сиз айтып жатпайсызбы алмаштырып жатат жумуштарын деп. Маселе жөн гана алардын айлык акысы менен байланыштуу да. Азыр жыйырма жылдык тажрыйбасы бар мыкты мугалимдердин арасында бир тобу Москвадагы супермаркеттерде пол жууп жүрүшөт. Аларга Кыргызстанда жетишээрлик айлык төлөбөсө, кандай реформа тууралуу сөз кылса болот?

- Туура, бул эң биринчи маселелердин бири болуп жатат. Мугалимдердин айлык акысынын аздыгы. Экинчиден, мугалимдерге айлык деле анчалык негизги басымдуулук кызыктыруучу жагдай эмес. Эң кызыктыруучу жагдай, мугалимдердин өзүлөрүнүн кесиптик чеберчилигин өркүндөтүүгө моралдык шарттардын түзүлүшү аларга бир психологиялык жагымдуу жагдай да. Тилекке каршы ушулардын баардыгы тең бизде туура эмес деңгээлде туруп жатат.

- Эми бул жаатта сиздердин институт иштеп жатат да. Мугалимдердин чеберчилигин өркүндөтүү боюнча кандай жаңылыктарды киргизип жатасыздар?

- Биринчиден, мугалимдерди кармап калыш үчүн мамлекет аракет көрүп жатат. “Жаш мугалимдин депозити” деген программа бар. Донорлордун келген акчасынын негизинде жана өкмөт өзү дагы кошумчалап, 700 жаш мугалимге депозит конкурсун жарыялап, жиберип жатат. Бул жакшы. Экинчи жагы мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча бизде республикалык бирдиктүү система 1992-93-жылдары жоюлуп кеткен. Жалгыз Кыргызстанда мугалимдердин билимин жогорулатуу бирдиктүү республикалык, облустук, райондук деңгээлдер деген жок. Метод кабинеттердин баары жоюлган. Азыр дагы аймактык билим берүү башкармалыктары жоюлуп жатат. Булардын жабдууларын, бюджетин аймактык метод кабинеттерин түзүп, сактап калсак эң сонун болмок эле.Тилекке каршы эки облуста Баткен менен Таласта облус түзүлгөнү качан, а бүгүнкү күнгө чейин мугалимдердин билимин жогорулатуучу атайын структура жок. Бул республикалык чоң көйгөй. Жакында курултайыбыз болот. Менимче, ал жерден ушул маселени негизги көйгөйдүн бири катары каралат болуш керек. А биз өзүбүз кандай кылып чечип жатабыз. Алардын керектигине жараша чеберчилигин жогорулатуу жагында быйыл жакшы бир программаны иштеп чыктык. Ал окуунун жаңыча бир интерактивдүү ыкмасы менен окутууга мугалимдерди машыктыруу. Окуу процессинде балдар өзүлөрү катышып, талкуулап, өзүлөрү проблема коюп аны чечип берүү. А беркиндей туура эмес. Өзүнүн жекече көз карашын айтып койгон. Иштелип чыккан программа дагы ушул маселени көтөрөт.
XS
SM
MD
LG