-Сиз мына “Замандаш” журналына редактор болуп келгениңизге бир айдай болуп калыптыр. Жаңы жетекчи дайыма жаңы идеялар менен келет демекчи сиздердин журналда өзгөрүүлөр күтүлүп жатса керек.
- Эми кандайдыр бир кескин өзгөрүүлөр болот деп айтыштын өзү кыйын. Бирок, көп жагынан журналды мазмундук жагынан байытуу, андагы чыгып жаткан аналитикалык жагдайын дагы байытып, тереңдетүү жагынан ойлорубуз көп. Өзүңүз айткандай бул журнал төрт жылдан бери чыгып келе жатпайбы. Ал “Замандаш” коомдук бирикмесинин уюштуруусу менен түзүлгөн. Ал биздин өлкөбүздө гана таратылбастан Орусия, Казакстан сыяктуу коңшу мамлекеттерде иштеп, окуп жүргөн мекендештерибизге азыркы улуттук кайра жаралуу мезгилинде уңгулуу маалыматтар менен камсыздап турууну өз мойнуна алган. Бул жерде аты уйкаш ”Замандаш” деп аталган кыргыз диаспораларынын ассоциациясы да биздин журналды уюштуруу жана таратуу иштеринде колдон келген жардамдарын берип турат. Ал эми келечекте болсо буюрса жер шаардын ар бир булуң-бурчунда жашап, окуп жүргөн кыргыз баласынын колуна тие турган басылмага айланса деген тилектерибиз бар.
- Талант мырза, мен өзүм дагы Москвада окуп, азыр Прагада да окуп жатам. Колумда “Замандаштын” эки саны турат. Булар жаз айларында чыккан сандары экен. Бул жакка дагы өзүнүн убактысынан кечигип келет экен. “Замандашты” сиздер бир эле Кыргызстандагы окурмандарга эмес чет өлкөлөрдөгү кыргыздарга да арналган басылма катары атап жүрөсүздөр. Бирок, анын жаңы чыккан сандарын кечиктирбей чет өлкөлүк окурмандарга жеткирүү маселеси качан жакшы жолго коюлат деп ойлойсуз?
- Дал ушул маселенин үстүнөн иштеп жатабыз. Чет өлкөдөгү биздин мекендештерибиздин өз учурунда колуна тийиш үчүн басып чыгаруу графигин дагы, матералдарды даярдоо графигин дагы уюштурсакпы деген ойдо болуп жатабыз. Чындыгында эле мисалы, сентябрь айында чыга турган журналдын саны ошол айдын башында эле окурмандарыбыздын колуна тийиши керек. Ал үчүн дал ошондой график менен иштөөнү азыртан баштадык. Буюрса өз журналыбыз өз убагында окурмандарыбыздын колуна тие тургандай кылабыз деп ойлойбуз. Чындыгында биздин өлкөбүздүн коомдук, саясий, экономикалык, социалдык, маданий турмушундагы орчундуу окуялар менен маанилүү маселелер боюнча кызыктуу материалдарды даярдоо аракетин көрүп жатабыз. Өзүнүн статусу айтып тургандай эң негизгиси аналитикалык иликтөө жана ой жүгүртүү болууга тийиш. Демек, бул үчүн ынанымдуу аргументтер, тиешелүү далилдер менен фактылардын топтому негизги жыйынтыктарды берип турса керек деп ойлойбуз.Тематикага ылыйык аналитика менен кандайдыр бир прогноздордун болушу дагы ушул биз басып чыгарып жаткан материалдардын салмагын көтөрүп кетет деп ойлойбуз.
- Балким жаңы сандагы макалалар ошол заматта азыр дүйнө глобалдашып баратпайбы, андыктан интернетке да чыгып турса жакшы болмок эле да. Бирок, мына 2007-жылдын күзү болуп баратат. Сиздердин интернет сайтыңарда азыркы убакка чейин “Жылдын мыктылары -2006” деп турат. Интернет боюнча пландарыңыз барбы?
- Бул дагы биздин чоң алдыдагы максаттарыбыздын бири деп айткым келет. Анткени, дал ушул маселе боюнча журналдын дегеле өзүнчө “Замандаш” интернет сайтын ачып, аны жакшылап жолго коюу жагында чоң иштер жүрүп жатат. Кадр маселелери боюнча дагы биздин уюштууручулар бир топтон бери ушул маселени тегерегинде ойлонуп жатат. Буюрса, жакынкы арада уюштуруу иштери башталып, мен ойлойм, бир-эки айдын аралыгында сайтыбызды жандандырып, аны абдан жогорку деңгээлге чыгарбыз деген үмүт бар.
Маектешкен Төрөкул Дооров, Прага