Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:15

СИНДЗО АБЭ АЗИЯГА ”ЭРКИНДИК КАПКАСЫН” СУНУШ КЫЛДЫ, БИРОК АГА КЫТАЙДЫ КОШКОН ЖОК


Япониянын премьер-министри Синдзо Абе Азия-Тынч океан аймагындагы демократиялык өлкөлөрдүн “Эркиндик капкасын” түзүүнү сунуш кылды. Индиядагы үч күндүк сапарын аяктап жатып, жергиликтүү парламенттин кошмо жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Абе келечектеги бу кыялый бирикмеден Японияны,Индияны,Австралияны жана АКШны көргүсү келерин билдирди.

Синдзо Абе Азия-Тынч океан алабындагы кызматташтыктын келечегине байланыштуу өз көз карашын баяндап, кыялый бирикмеге эмнегедир Кытайды кошкон жок. Байкоочулар мындан Токионун азыркы маанайы кандай экенин жаздемдебей баамдашты.

Кытай экономикалык жактан алысындап өсүп, Азияда эле эмес, дүйнөдө да жаңы “эңгезерге” айланып бараткан кезде Япония бир топ жылдан бери илкип-калкып, жай арымдап калды. Мындан тышкары Кытайдын аскери күч-кубаты чыңдала баштаганы да Японияны курсант кыла албайт. Андыктан байкоочулар Азия-Тынч океан аймагында АКШ, Австралия менен бирге Индияны кошуп “Эркиндик капкасын” түзүү идеясын сунуш кылып, токиолук премьер кимдин короосуна таш ыргытууну көздөп отурганын аңдоо кыйын эмес дешет.

Абэ Индия менен Япониянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы багыттарын белгилеген “жол картасы” деп аталган документке кол коюлганын да ушул аңытта жогору баалады. “Бу менин бекем ишеничим, - деп айтты Абэ. - Япония-Индия өнөктөштүгүнөн өткөн көрөңгөлүү эки тараптуу мамиле жок. Ушуну урматтаганымдан улам өз ара алакаларыбызды дагы бийик деңгээлге көтөрүүнү көздөп Индияга келип отурам”.

Синдзо Абе менен өткөргөн сүйлөшүүлөрүн комментариялап, Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх да эки тараптын алдыдагы жылдардагы мамилелери өтө үзүрлүү өнүгөрүнө ишенич билдирди. Атап айтканда,2010-жылга барып эки тараптын соода-сатыгы 20 миллиард долларга жетмекчи. Абэни коштоп келген япониялык 200дөй бизнесмендер да жекече контракттарды түзгөнгө жетишти. Өзүнүн эскирип,жарактан чыгып бараткан инфраструктурасын, өзгөчө байланыш жана транспорт тармагын өркүндөтүүдө Индияга япондордун инвестициясы, эксперттик кеп-кеңеши менен көмөгү айрыкча керек.

Ошол эле учурда Индия Кытайдын кычыгына тийип алгандан да этиет болгусу келет. Анын үстүнө Кытай ушу тушта эле Индиянын эң башкы соода өнөгүнө айланды, Япония болсо бу жагынан азырынча болгону онунчу орунда турат. Андыктан Индия бу маселеде калпыс жана калтыс кадам жасары өтө күмөн.

Индиялык аналитиктердин бири Бахукутумби Раман кытайлыктар ансыз деле кооптонуп, өздөрүнүн камтамачылыгын ар түрдүү ыкмада,маалымат каражаттары, дипломатиялык каналдар аркылуу айтып, капиялап, кээде ачык мүнөздө туюнтуп жүргөнүн эске салды. Бенгал булуңунда Индия,Япония,Австралия,АКШ жана Сингапур жакынкы аралыкта биргелешип аскери машыгуу өткөргөнү жатканын да Пекин аталган аймактагы өз саясатына каршы жасалган кадам катары кабыл алууда, дейт Раман.

XS
SM
MD
LG