1874-жылдын жай айындагы кыргыздардын Кокон хандыгына каршы көтөрүлүшү хандыкты эле эмес, Россия империясын да сестентпей койгон эмес. Түркстан генерал-губернатордугунун буйругуна ылайык Олуя ата уездинин начальниги Чаткал өрөөнүнө жергиликтүү аксакалдарды жөнөткөн. Аксакалдар тобун Акмолдо Байзаков баштап, аларга Момун Шамурзаковду колго түшүрүү же болбосо, аны орус бийлигине келишин камсыздоо милдети жүктөлгөн. Орус бийлигинин «элчилиги» Момун Шамурзаков менен сүйлөшүшүп, аны Олуя Атага келип уезддик начальник менен жолугушууга көндүрүшкөн.
Момун Шамурзаков 1874-жылдын 24-августтунда Олуя атага келген. Уезддик начальниктин буйругу боюнча ал жерден Момун Шамурзаковго «Кокон хандыгына каршы чыккан козголоңчу» деген айып коюлуп, камакка алынган.
Пишпек уезддик начальниги 1911-жылдын 24-августтунда кыргыздар арасында бирөөлөрдүн арызы боюнча доо ишин козгоого жана ал үчүн сарпталчу акча каражат чогултууга тыю салына тургандыгын билдирген көрсөтмө кабыл алган. Атайын тапшырмалар боюнча ага кызматчы Н. А. Прокоповдун жазганына караганда уезддик начальниктин көрсөтмөсү, капитан Кутуковдун ишин териштирүүдөн жана анын Дүр Соромбаев менен болгон мамилесин ачыкка чыгаруудан улам келип чыккан.
Атаке сарабагыштары менен арык тукумунан топтолгон миң түтүндөй кыргыз 1916-жылдын бу күнү Улаколдон көчүп, Талды ашуусуна келип, мында өргүүгө турушкан. Бу күнү тоо башына кар түшүп, түнкү суук эл-жеринен качкан адамдардын жанына баткан.
Жетисуу областтык партиянын II съезди 1919-жылдын бу күнү ишин баштады.
Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаев 2005-жылдын бу күнү мамлекеттик кызматкердин этикасы туурасында маселени көтөрдү. Анын пикирине ылайык айрым чиновниктер коомдук репутациясы шектүү адамдардын той-топуруна катышып, мамлекеттик кызматчынын наркын кетире баштады.
Бу күнү, 79-жылы Везувий вулканынын атышынан Помпей шаары талкаланып, 1542-жылы католиктердин гугенотторду кырышына байланыштуу бу күн «Кандуу Варфоломей түнү» аталып, 1420-жылы немец гуманисти Альбрехт фон Эйб, 1712-жылы голланд математиги Джеймс Уеддел, 1934-жылы советтик экономист, академик Станислав Шаталин, 1935-жылы таланттуу жазуучу Эрнс Турсунов, 1956-жылы советтик актер Татьяна Васильева, 1971-жылы атактуу топ-модель Клаудио Шиффер жарык дүйнөгө келген.