Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:39

Нурлан МОТУЕВ: СУБАНАЛИЕВДИ ШАЙЛООДО ООДАРЫП ТҮШӨМ


«Жоомарт» кыймылынын лидери Нурлан Мотуев «Каракече көмүр» акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы болуп дайындалганын, ал Каракечедеги коррупция менен айоосуз күрөшөөрүн 23-августта өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Бирок «Көмүр» мамлекеттик ишканасынан Нурлан Мотуевдин айтканын төгүнгө чыгарышты. Мындан тышкары Мотуев Балыкчы шайлоо чөлкөмүнөн депутаттыкка аттанаарын, аны бийлик колдоп, оппозиция өкүлү Өмүрбек Субаналиевди утуп чыгарын жарыя кылды.

"Жоомарт" кыймылынын лидери Нурлан Мотуевдин айтымында, Каракечеде көмүр казуу кескин кыскарып, Бишкек жылуулук электр станциясын «Ак улак» менен «Беш сары» фирмалары 850 миң тонна көмүр менен камсыз кылуусу керек болсо, учурда болгону 170 миң тонна көмүр жеткирилген. Ал ошондой эле аталган фирмалар мамлекеттик каражаттарды өз кызыкчлыыгына пайдаланып жатышат деген ойдо.

-Каракечедеги абал, акыбал бүгүнкү күндө абдан начар.Казуу жок. Көмүр жок. Анан ал жердеги фирмалар иштебесе. Көбүнчө акчалардын баарын жеп атышса, уурдап атышса. Каракече Жолдошбаев менен Сабыров үчүн жөн эле «куурчак». Эптеп мамлекетти алдап 50 млн. 60 млн. сомду жыл сайын алмай. Алып алышып, акырын ал акчаларды жеп коюшат.

Мотуев жакында жаңыдан уюшулган «Каракече көмүр» акционердик коомунун директолор кеңешинин төрагасы болуп дайындалганын, мындан ары Каракечедеги ишти иретке келтирип, катуу көзөмөл кыларын жарыялады. Бирок анын директорлор кеңешине дайындалбаганын, мындан эки жыл мурда болгон Каракечедеги акционерлердин директорлор кеңешинин жыйынына Мотуевдин катышпаганын «Көмүр» мамлекеттик ишканасынан кабарлашты. Ал эми «Ак улак» көмүр казуучу ишканасынын жетекчиси Тилек Сабыров болсо Каракечедеги ишти үзгүлтүккө учураткан негизги күнөөкөр Нурлан Мотуев деп эсептейт.

-Мотуев массалык маалымат каражаттарына интервью берүүгө моралдык акысы, да укугу да жок болуучу. Муну жанагы кылган кылмышы үчүн, ошол жердеги элдерди жумушсуз калтыргандыгы үчүн, көмүр казган мекемелерди банкротко учураткандыгы үчүн түрмөгө отура турган киши болуш керек эле.

Сабыровдун айтымында, Мотуевдин баскынчылык мыйзамсыз аракетинин кесепетинен көмүр казуу иши токтоп, техникалар бүгүнкү күнгө чейин талашка түшүп, Каракечеде оор абал түзүлгөн. Учурда бир мүшөк көмүрдүн баасы 350 сомго чыгып, кышында көмүрдүн тоннасы 7 миң сомго чейин жетет. Көмүр казуу тармагын өнүктүрүүгө, бийлик башындагылар негедир кош көңүл мамиле кылышууда, дейт Сабыров.

-Бул маселе боюнча президентке, премьер-министрге жазып атабыз. Башкы прокуратурага, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жазып атабыз. Бирок бүт бардыгы эле унчукпай отурушат.

Маалымат жыйнында Нурлан Мотуев ошондой эле Балыкчы шайлоо окуругуна парламент депутаттыгына шайлоого ат салыша тургандыгын расмий жарыялады. Анын мындай кадамга барышына оппозициялык маанайдагы саясатчы, Бириккен фронттун мүчөсү Өмүрбек Субаналиевдин аталган аймактан депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөнү себеп болгон.

«Мени бийликтегилер колдогон жок. Мен күрөш үчүн жаралган адаммын. Шайлоого өз каалоом менен башкы «душманым» Субаналиевден өч алуу үчүн, аны «оодарып» түшүү үчүн, азыркы бийликти колдоп оппозицияга каршы күрөшүү үчүн барууну чечтим. Субаналиев деген Таластык. Саруу же кушчу болушу керек. А мен болсо саякмын. Балыкчынын жарымы саяк. Билесиңерби,- дейт Мотуев.

Мотуевдин мындай аймактык жана уруулар ортосунда чагым салуучу экстремисттик билдирүүсүнө Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Башкы прокуратуранын өзгөчө көңүл буруусун, аны мыйзамдын чегинде тартипке чакыруу талабы менен “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы 23-августта билдирүү таратты.

-Нурлан Мотуевдин “АКИпресс” агенттигинде өткөргөн маалымат жыйынында саяк, анан саяк эмес, деп Өмүрбек Субаналиевдин Таластык экенин айтып урууларга бөлүп-жарганына биз каршы чыгабыз. Анткени, мындай пикирлер коомчулукта терс таасирин тийгизет, -деди Динара Ошурахунова, аталган коалициянын координатору .

Нурлан Мотуев өткөн жылы 23-майда Ички иштер кызматы тарабынан кармалып ага бирөөнүн мүлкүн тартып алууга, мыйзамсыз курал алып жүрүүгө жана ири өлчөмдөгү каражат уурдоого байланышкан беренелер боюнча кылмыш иши козголуп, 20 томдук иш ачылган. Ага карата коюлган кылмыш иши боюнча коюлган бир катар айыптарды Бишкектин биринчи май райондук соту тийиштүү далилдер жоктугунан аныктабагандыгын, аны тил кат менен убактылуу кармоочу жайдан бошотконун, сот бул ишти “чийки”, деп толук иликтеп чыгууну Ички иштер министрлигине кайра тергөөгө жибергендигин Мотуев “Азаттыкка” билдирди.

XS
SM
MD
LG