23-август күнү Лейлек районундагы “Исфана” аэропорту алгачкы атуулдук учакты кабыл алды. Биринчи каттам техникалык текшерүү жолу менен жүргүзүлүп, анда мамлекеттик катчы Адахам Мадумаров баштаган топ учуп келди. Мамлекеттик катчы адегенде эле аэропорттордун жергиликтүү башчыларынын карамагында турганы таптакыр туура эмес экенин белгилеп, чукул убакыттын ичинде “Манас” эл аралык аэропортунун карамагына өткөрүлөт, деп билдирди. Антпесе аким, губернаторлор авиа каттамдарды өз кызыкчылыгын колдонгон учурлар катталып жатат, деди.
- Бул иштер мамлекет башчысынын, облус губернаторунун, кыргыз өкмөтүнүн айрыкча башта таланды болуп кеткен, талкаланып кеткен, ар кандай аэропорттор, өзүнчө княздык болуп бөлүнүп кеткендерди мына азыр жаш жетекчилер келгенден кийин кайрадан мамлекет өзүнүн колуна алып отурат. Бирдиктүү жооп бериши керек. Ошол “Манас” деген чоң аэропорт болгондон кийин ошол “Манас” аэропорту Кыргызстандагы бардык аэропортторго жооп бериши керек. Башта ушундай саясатта жүргөн. Ар бир облус өз-өзүнчө кожоюн болуп, өзүбүздү тейлейбиз деп. Андай болбойт. Болгон да эмес. Адамдын каалоосуна, ушул турмуштун оор жагдайы каалоо менен дайым төп келе бербейт. Болгон ушундай учурлар. Ош облусунун губернатору Жалалабат облусунун губернаторуна расмий сапар менен учак менен келген,- деди мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров.
Учурда эл аралык “Манас” аэропорту ачык акционердик коомунун карамагына эл аралык маанидеги Манас-Ош-Ысыккөл ички каттамда ишин жүргүзүп жаткан Каракол-Нарын, Казарман-Талас, Жалалабат- Кербен, Исфана-Баткен, Кызылкыя аэропорттору жана Тамга-Токтогул-Баетов аэро аянтчалары толугу менен өткөрүлүүдө. Бул тууралуу “Манас” аэропорту” ачык акционердик коомунун башчысы Бакытбек Сыдыков айтып, буга чейин эле пайдасынан чыгымы ашып турган өлкөнүн ички каттамдары бүтүндөй мамлекеттик төлөмдөрдөн бошотулмакчы деп кошумчалады.
- Аэропортубузда сбор деген бар. Алардын баардыгын бошоттук. Жергиликтүү каттамды аткарган авиакомпаниялар сборлордон бошотулсун деп. Бир дагы тыйын албайбыз, - дейт Бакытбек Сыдыков.
Чындыгында лейлектиктер буга чейин Бишкекке жетүү үчүн 1500 сомго унаа менен эки күн жол жүргөн болсо, эми ошол эле акчага учак менен 45 мүнөттүн ичинде Бишкекке жетүү мүмкүнчүлүгүн алып отурушат. Буга чейин жергиликтүү администрацияга баш ийип турган “Баткен” авиа департаменти аймактагы аэропорттордон кол жууп отурат. Бирок, “Манас” эл аралык аэропортундай көлөмдүү компанияга кошулуу анчалык деле өкүнүчтүү эмес, дейт жергиликтүү авиациялар департаментинин башчысы Айбек Садиров.
- Бул жакшы иш. Себеби, “Манас” эл аралык аэропорту чоң гигант мекемелерден болуп эсептелет. Демек, бизге тиешелүү болгон же болбосо биздин колубуздан келбеген ремонт иштери ошол чоң компания аркылуу чечилип жатат. Бул жакшы жакка алып барат деп ойлойм, - дейт Айбек Садиров.