Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:26

АКШ ЧАЛГЫНДОО КЫЗМАТТАРЫ: ИРАКТА КЫРДААЛ КЫЙЫНДАЙТ


АКШнын чалгындоо кызматтары Ирактагы абалга байланыштуу доклад даярдап, кырдаал жакынкы аралыкта жакшырбайт, тескерисинче кыйындайт деп эскертишти. Ошол эле учурда документте Ирактан америкалык аскерлерди чыгарууга чакырган демократтардын пикирлери сынга алынган.

Документ АКШнын бардык он алты чалгындоо кызматынын көз карашын билдирет. Алардын баары Ирактагы жагдайды жалпылап, азыркы жетекчилик өлкөнү натыйжалуу башкарганга жарабайт, премьер-министр Нури ал-Маликинин, өкмөттүн абалы жакынкы айларда дагы начарлайт деген тыянакка келишкен.

Документте Ирактын коопсуздук күчтөрү америкалык аскерлердин жардамысыз өз бетинче операцияларды өткөрө алышпай турганы, шейиттер менен сүннүлөр арасындагы араз Ирактагы кырдаалды кыйындатары эскертилет.

Докладда быйылкы жылы Иракта коопсуздукту бекемдөө жагынан айрым жылыштар болгону белгиленген,бирок кооп-козголоңдун деңгээли мурдагыдай эле жогору бойдон калганы айтылат. АКШнын атайын кызматтары америкалык аскер контингентин Ирактан чыгаруу ишин баштоого чакырган демократиялык партиянын өкүлдөрүн колдошкон эмес.

Доклад жарыя кылынган соң республикалык партиянын абройлуу мүчөсү, сенатор Жон Уорнер президент Бушка аскери жогорку жетекчилик менен кеңешип көрүп, аскерлерди чыгаруу багытында алгачкы кадамдарды жасоону сунуш кылды. Уорнердин айтымында, быйыл жыл этегине жакын жок дегенде 5 миңдей жоокер өз жерине кайтышы керек. “Отчетто бир жыл ичинде Иракта абалды олуттуу түрдө оңдогонго мүмкүн эместиги айтылганын эске алганда, чечкиндүү эч кандай чараларды көрбөй,мындан ары биздин жоокерлердин өмүрүн такай тобокелге салып, кол куушуруп күтүп отура албайбыз”, - деп айтты республикачыл сенатор.

Сенатордун бул кеп-кеңешине Ак үйдүн өкүлү кечээки маалымат жыйынында не ак,не көк деп жооп айткан жок.

Конгресс мүчөлөрү жайкы танапистен кайта башташты,алар өз шайлоочулары менен жолугушту,алардын ой-пикирлерин угушту. Калк ичинде болсо аскерлерди Ирактан чыгарууну жактагандар арбын. Эмдиги айда конгресстин эки палатасында тең Ирактагы жагдайга байланыштуу талкуу-талаштар башталат. Сентябрдын орто ченинде президент Буш жаңы стратегиясынын аткарылышы тууралуу отчет берет.

Бул учурда докладда айтылган айрым тыянактар Иракта тастыктала баштагансыды. Атап айтканда, парламенттеги бейдинаятчыл бирикме өкмөттөгү беш министринен үчөө кабинеттин составынан чыкканын жарыялады. Төртүнчүсү жакында өзү кызматтан баш тарткан эле. Мунун алдында сүннүлөрдүн эң ири саясий фракциясынан да беш министр өкмөттөн кеткен болчу. Ирактын вице-президенти,сүннүлөрдүн өкүлү Тарик аш-Хашеми министрлер кызматына кайтып барышпай турганын бышыктады.Байкоочулар алдыдагы күндөрү ал-Маликинин өкмөттү өзүн-өзү таркатканга аргасыз болуп айтышууда.

XS
SM
MD
LG