Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:38

ООГАНСТАНДЫК КЫЗ-КЕЛИНДЕРДИН ФУТБОЛ БОЮНЧА КОМАНДАСЫ ФИНАЛГА ЧЫКТЫ


Эл аралык футбол ферерациясы – ФИФА ооган кыз-келиндеринен түзүлгөн алгачкы команданы футболдук рейтингге киргизүү маселесин карап жатат. Пакистандын Аялдар Футболдук Лигасынын чакыруусу менен турнирге катышып жаткан ооган командасы беш матч өткөрүп, анын үчөөнү жеңип алды. Финалдык оюндар августтун соңку күндөрүнө пландаштырылган.

Пакистанда өтүп жаткан турнирде ооган кыздарынан куралган футбол командасы беш оюндун үчөөнү утуп алып, финалга чыкты.Өспүрүм кыздардан түзүлгөн ооган командасынын беттешүүлөрүн көрүү үчүн Исламабаттагы стадионго жүздөгөн футбол күйөрмандары келип, сүрөөнчү болуп турушту.

Ооганстанда талибандан кийин орногон өкмөт аялдар футболуна тыйуу салган эмес, бирок анда кыз-келиндердин футбол ойноосун кубаттап жибергендер аз. Спорт жетекчилигиндеги айрым чиновниктер, ал тургай, кыздардын футболдук командасын түзүүгө жана алардын мелдешке катышуусуна бут тосууга аракеттенишкен.

-Ооганстанда аялдар футболуна байланыштуу маселелер болду. Пакистанга келер алдында айрым кишилер тоскоолдук да кылышты. Аялдардын футбол ойноосун каалабагандардын ичинде спорттук жетекчилер да бар ,- дейт команданын машыктыруучусу Абдул Сабуур Вализада.

Турнирдин финалы өткөндөн кийин спорттук жетекчилер Пакистандын футбол боюнча алгачкы аялдар командасын түзүү үчүн эң мыкты оюнчуларды тандап, жаңы түзүлгөн команда ооган командасы менен үч оюн ойнойт. Ал оюндарга ФИФАнын өкүлдөрү катышып, эки команданын тең эл аралык рейтингин аныкташат.

Машыктыруучу Вализада бул оюндар ооган командасы үчүн өтө манилүү экенин белгилеп, буларды айтты:

-Ооганстандын футбол боюнча аялдар командасы үчүн бул өтө маанилүү оюндар. Биринчиден, биздин команданын чет өлкөлүк оюнчулар менен ойноо боюнча эч бир тажрыйбасы жок. Пакистандагы ойундар биз үчүн алгачкы чет элдик беттешүүлөр болду. Экинчиден, Ооганстанда ойногон оюндарыбыздын көбү же спортзалда, же футбол аянттарында ойнолчу, чоң футболдук аянтта кыздар мурун дээрлик ойноп көрүшкөн эмес,- дейт Вализада.

Бул жерден машыктыруучу мындай жагдай коопсуздук себептерге эмес, ачык стадиондордун жетишсиздигине байланыштуу түзүлгөнүн белгиледи. Кабулдун улуттук стадиону бош эмес, анда жигиттердин командасы, кээде эркектердин улуттук командасы машыгат. Ошон үчүн кыздарыбыз жабык залдарда машыгып жатышат, дейт тренер.

Баян Жумакадыр кызы, Прага
XS
SM
MD
LG