Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

ТҮРКИЯ: ПРЕЗИДЕНТ ҮЧҮНЧҮ АЙЛАМПАДА ШАЙЛАНАТ


Түркиянын тышкы иштер министири Абдуллах Гүл, алдын ала күтүлгөндөй эле, парламенттеги шайлоонун экинчи айлампасында дагы президент болуш үчүн талап кылынган колдоону таба албады.

Абдуллах Гүл парламенттеги добушка коюулардын 2- айлампасында 337 гана депутаттын добушун алды. Улутчул Аракет Партиясынын талапкери 71, Демократиялуу Сол Партиянын талапкери болсо 14 добуш алды. 3 атаандаштын үчөөсү бирдей талап кылынган 367 добушту, мындайча айтканда, 550 орундуу парламенттин үчтөн эки бөлүгүнүн колдоосуна ээ боло албай, өлкөнүн президентин такка чыгаруу салтанаты эмки шейшемби күнүнө калды. Минтип так кесе айтып олтурганыбыздын себеби, башкы мыйзамга ылайык, президент 1- жана 2- айлампаларда үчтөн экинин колдоосун ала албаса, үчүнчү, демек, соңку айлампада жөнөкөй көпчүлүктүн демек 276 депутаттын колдоосу менен шайланат. Башкаруудагы Адилет жана Өнүгүү Партиясынын 341 депутаты болгонун эсепке алганыбызда, Абдуллах Гүл кандайдыр бир тескери өнүгүү орун албаса шейшемби күнүнөн тартып өлкөнүн 11- президенти болот деп айтыш мүмкүн. Эгерде парламент үчүнчү айлампада дагы президентти шайлай албаса, өзүн таркатуусу талап кылынгандыктан, жаңы эле шайланган депутаттардын андайча жолго баруулары анча күтүлбөйт.

Кечөөкү айлампаны ачып олтуруп парламенттин жаңы спикери Көксал Топтан, “Урматтуу Сабахаттин Чакмакоглу, урматтуу Абдуллах Гүл, урматтуу Хусейин Тайфун Ичли, кворум үчүн 367 талап кылынат” деп эскертип жалпы жоктомо өткөрдү. Башкы оппозициялык партия ЧХП биринчи айлампада болгондой эле олтурумга бойкот жасады, бирок мажлисте өкүлчүлүгү болгон бардык башка партиялар шайлоого катышты.

“Президентти шайлаш үчүн талап кылынган кворум табылганы, мындайча айтканда олтурумга 367 ден ашык сандагы депутаттын катышкандыгы маалым болгондуктан, шайлоонун 2- айлампасын баштадык” деген спикердин сөзү менен башталган айлампанын натыйжасы алдын ала анча мынча маалым болгондуктан ири ызы чуу же талаш-тартыш болбоду. Экинчи четинен, бүгүнгө чейин караманча каршылык билдирип келгендердин көпчүлүгү Абдуллах Гул мырзанын президенттике шаиланары кайра жаңгыс чындык экенине көзү жетип, өзүлөрүн бул фактыга көндүрө башташкандыгы байкалат. Мисал алганда, Демократиялуу Сол Партиянын (DSP) депутаты Эмрехан Халыжыоглу басма сөз менен болгон маегинде кыйла ийкем жана муңайым сөз айтты.

“Сөз, парламентте ант ичкен, мурда манилүү мамлекеттик постторду ээлеген 3 урматтуу талапкер жөнүндө болуп жатат. Урматтуу Абдуллах Гулдүн ‘мен өлкөнүн бардык жарандарынын ажосу болом’ деген сөзүн алдын ала туура кабыл алыш керек. Шайлана турган президент Түркиянын президенти, демек баарыбыздын президенти болот, сыйлашыбыз керек”,- деп Эмрехан Халыжыоглу бир жагынан жаңыча ийкем мамиленин четин чыгарса, ошол эле кезде Абдуллах Гүлдүн өткөн аптада эл алдында берген убадасын дагы бир жолу эске салган сыяктанды. Кыскасы, Исламчыл маанайдагы Адилет жана Өнүгүү партиясынын талапкери Абдуллах Гүл мырза көздөгөн максатына кечөө жете албады, бирок ал Анкаранын Чанкая районундагы президенттик сарайга бекем кадамдар менен жылып баратат. Түркияда президенттик макам дээрлик церемониялуу мааниге ээ болгон менен, 7 жылда бир шайлануучу мамлекет башчысы парламентте кабыл алынган мыйзамдарга вето салуу, мамлекеттик мекемелердеги аткаминерлерди дайындоо жана жогорку сотторго судяларды белгилөө өңдүү чечүүчү маанидеги ыйгарымдуу укуктарга ээ.

XS
SM
MD
LG