Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН «КАМЕКО» АКЧАЛАЙ ЭМЕС, АКЦИЯЛАР МЕНЕН ЭСЕПТЕШЕТ


Кыргыз өкмөтү түзгөн эксперттик топ менен «Камеко» ушул жумада Кумтөр кени боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, ал негизинен соңуна чыкты. Келерки жумада тараптар тийиштүү макулдашууга кол коюуну караштырууда. Учурда макулдашуунун долбоору такталууда. Айрым маалыматтарга караганда, сүйлөшүү Кыргызстан үчүн пайдалуу жыйынтыкталды.

Каржы министри Акылбек Жапаров башында турган эксперттик топ «Камеко» корпорациясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүнү ушул жуманын шаршемби күнү баштаган. Ал эми эксперттик топ сүйлөшүүлөрдүн алгачкы бөлүгүн 16-июлда өткөрүп, анда кыргыз тараптын талаптары канадалыктарга жеткирилген. Эксперттик топтун мүчөсү, юстиция министри Марат Кайыповдун билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүлөрдө кыргыз тарап 2003-жылдын 31-декабрындагы келишимди кайра карап чыгууну көздөгөн. Белгилүү болгондой ал келишим боюнча «Центерра голд инк» компаниясы түзүлүп, Кумтөр кени ал компаниянны курамына киргизилген. Келишимге чейин Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшү 70% жакын болсо, келишимден кийин «Центерра голд инктеги» Кыргызстандын үлүшү 30% ашуун болуп калган.

Кыргыз тарап мында адилетсиздик болгон деп, адилеттүүлүктү калыбына келтирүү үчүн акциялай, же акчалай түрдө кошумча төлөөнү талап кылып, натыйжада сүйлөшүүлөр башталган.

Мына ошол сүйлөшүүлөргө катышкан Кыргызстан тоо кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев сүйлөшүүлөр Кыргызстан үчүн натыйжалуу аяктаганын белгилеп, буларды билдирди:

-Сүйлөшүүлөр негизинен бүттү. Эми ошол документтерди бүгүн, эртең, дүйшөмбү күнү тактап, шаршемби күнү өкмөткө алып чыгабыз. Өкмөт бекитсе, андан кийин жарыя кылабыз.

Орозбек Дүйшеевдин айтымында, тараптар акчалай түрдө эмес, акциялар менен эсептешүүнү жакташты.

Эксперттик топтун дагы бир мүчөсү Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Владимир Зубковдун айтымында, эми Кыргызстан «Камеко» жана «Центерра голд инк» менен жаңы келишимдерди түзөт:

-Эки кошумча келишим түзүлөт.Бири «Камеко» менен, дагы бири «Центерра» менен. Бүгүн-эртең мына ошол келишимдердин үстүндө адистер иштейт.

Эксперттик топтун башчысы каржы министри Акылбек Жапаров эксперттик топ өз ишин аяктаганын, эми андан жогорку деңгээлде чечим кабыл алууну күтүш керектигин билдирди:

-Эми азыр шарттардын баарын сүйлөшүп бүткөндөн кийин, эми премьер-министрге доклад болот. Ал кабыл алса, андан кийин «Камеконун» биринчи жетекчилери менен такташып, бүтүрүшөт.

Жогорку деңгээлде чечим кабыл алынгандан кийин кийинки жуманын орто ченинде атайын маалымат жыйыны өткөрүлүп, сүйлөшүүлөр тууралуу расмий маалымат берилмекчи.

Бирок алдын ала маалыматтарга караганда, «Камеко» «Центерра голд инктеги» акциясынан Кыргызстан менен бөлүшүүгө макул болду. Анын натыйжасында Кыргызстандын «Центерра голд инктеги» акциясы 37% жетери болжолдонууда. Азыркы кезде өкмөттүн колунда 16% ашуун гана акция бар. Орозбек Дүйшеевдин пикиринде, Кумтөр кенине байланыштуу бардык маселелер толук чечилгенден кийин «Центерра голд инктин» акциялары өсүүгө тийиш. Мына ошондо Кыргызстандын пайдасы мурда болжолдогондон да өсөт. Белгилүү болгондой Кыргызстан Камекодон 480 миллион доллар кошумча төлөмдү сурап жаткан. Камеко аны өтө көп деп, 300 миллион доллардан ашуун төлөп берүүгө даярдыгын билдирген. Акыр соңунда тараптар акция түрүдө эсептешүү жыйынтыгына келип отурушат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG