Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

ИНДИЯДАГЫ ТЕРАКТТАН КЕМИНДЕ 42 АДАМ НАБЫТ БОЛДУ


Төрөкул Дооров, Прага Индиянын түштүгүндөгү Хайдерабад шаарында ишембинин 25-августта болгон жарылуулардан кеминде 42 адам мүрт өлдү. Террор актылары эл көп топтолгон көңүл ачуучу жайда жана ресторанда болгон. Жергиликтүү бийликтер болсо карасанатай бул иштин артында “Бангладеште жана Пакистанда жайгашкан исламчыл экстремисттер турушса керек” деп болжошот.

Хайдерабадда жарылуу болгон эки жерде тең тазалоо иштери азырга чейин уланууда. Теракттар үстү ачык стадиондо ыр-күлкү, оюн-тамаша жүрүп жаткан чакта, анан белгилүү ресторанга эл көп топтолгон учурда болгондуктан, андан жабыркагандар да көп болду. 42 адам ошол эле замат мерт кетти, 80дейи жаракат алды.

Полиция андан бери индустар менен мусулмандар отурукташкан бул шаардагы автобустардан, кинотатрлардан жана башка эл чогулчу жерлерден жарылбай калган дагы 19 бомбаны тапканын кабарлап жатат.

Тургундардын бири Рагхаф эл азыр үрөйү учуп турганын, үйдөн чыккандан да коркуп калганын жашырбады.

- Бул – аябай көңүлдү чөктүрөт. Анткени азыр эч жерде өзүңдү коопсуз сезе албайсың. Чын чынында, өлгөндөрдүн саны 60-70 адам болсо керек дешет. Өкмөт эч кандай аракет көрбөй жатат. Биз эртең эмне болуп кетишин да билбейбиз. Азыр үйдөн чыкканга да жүрөк калбады.

Хайдерабад – Индиянын түштүгүндөгү Андхра-Прадеш штатында орун алган. Штаттын жетекчи министри Ражасехара Редди соңку жарылууларда өлгөндөрдүн арасында индустар да, мусулмандар да болгонун белгиледи. Редди мырза бул карасанатай иштерге Пакистан менен Бангладештеги террорчу уюмдардын катыштыгы бар экенин күбөлөндүрүп жаткан далилдери бар экенин да кошумчалады.

Азырынча эч ким терактты “мен жасадым” деп айтып чыга элек. Бирок атын атабоону каалаган коопсуздук кызматынын бир өкүлү жергиликтүү журналисттерге айтканына караганда, Бангладештеги “Харкат-ул-Жихад-и-Ислам” деген топтун буга байланышы болушу толук мүмкүн. Аталган топ буга чейин май айында ушул эле Хайдерабаддагы мечитте болгон жардырууну уюштурганы айтылып жүрөт. Анда кеминде тогуз киши набыт болгон эле. Жергиликтүү мусулмандардын лидерлери мечитке болгон чабуул боюнча жергиликтүү полиция дурусураак иликтөө деле өткөрбөйт деп айтып жүрүшөт.

Хайдеребаддын тарыхында буга чейин индустар менен мусулмандар ортосундагы козголоңчу чабуулдар көп эле болгон. Ошон үчүн министр Ражасехара Редди элди тынчтанууга чакырды.

- Тынчтыкты сактагыла. Ар түрдүү ушактарды уга бербегиле. Мындай оор абалда ар бир жаран да жоопкерчилигин сезип, кол-кабыл кылышы лаазым, - деди Редди.

Индияда азыр бир эле Андхра-Прадеште эмес, баш калаа Делиде да, бизнес-борбор эсептелген Мумбайда да коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

Бул өлкө акыркы эки жылда оор теракттарды баштан кечирди. Былтыр июлда Мумбайдагы темир жол каттамында жети жолу бомба жарылып, 200дөн ашуун адам мерт болгон эле. Ушул жана башка көптөгөн теракттар чет-өлкөлүк колдоого ээ исламчыл экстремисттер тарабынан жасалганы айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG