Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 14:11

КЫРГЫЗ АРМИЯСЫНДАГЫ РЕФОРМА КАНДАЙ ЖҮРҮҮДӨ?


Уюшкан кылмыштуулук жана эл аралык терроризм күч алып турган чакта Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылуу айрыкча мааниге ээ болуп жатканы белгилүү. “Азаттыктын” таңкы маектеши Кыргызстандын коргоо министри генерал-лейтенант Исмаил Исаков болуп, өлкөнү коргоо тармагындагы маселелер жөнүндө кеп салып берди.

- Коргоо тармагында реформалар жүрдү. Алардын негизги жыйынтыгын атап өтсөңүз?

- Коргоо тармагында реформа бүттү деп айтыш али эрте, бирок, бир топ багыттарда роформа жүрүп жатат. Кыскача айтып кеткенде негизги биринчи багыт деп бул аскер бөлүктөрүндөгү өзгөрүү. Кандай өзгөрүүлөр болуп жатат. Аба коргонуунун түзүлүшү, аскер бөлүктөрүндө инженердик түзүлүшү. Өзгөчө аскер бөлүкчөлөрүнүн түзүлүшү. Себеби дегенде тоолуу аймактарда булар абдан керектүү. Баткен окуясынан кийинки алган сабактан кийин мына ушундай өзгөчөлүктөрдүн түзүлүшү бүгүнкү күндүн эң негизги иши болуп жатат. Кызмат кылган жоокерлерди контрактык система менен алып, профессионалдуу аскер бөлүктөрүнүн түзүлүшү.

Андан башка аскер бөлүктөрүндө жаңыдан “башкы сержант” деген кызмат орундун киргизилиши. Бул келечектеги сержанттардын ролун өйдөңкү деңгээлге көтөрүп, аларды жакшы даярдаганга мыкты шарт түзөт. Андан башка аскер бөлүктөрүндө командирлердин жардамчыларын “юридикалык-консультант” деген кызмат орду менен киргиздик. Бүгүнкү күндө адам укугун коргоого мына ушундай кызмат орду керектигине биз абдан мажбур болуп жатабыз. Ошону менен бирге жаңы китепкана, китеп окуу залдары, спорттук машыгуу аянттары ачылып жатат. Бул дагы келечектеги биздин профессионалдык деңгээлди көтөрүүгө чоң салым кошот.

Жогорку окуу жайына бир гана аскер бөлүктөрүндө иштеген кызмат кылган аскерлерди жөнөтүү. Бул дагы болсо аскер бөлүктөрүнүн аброюн өйдө көтөрүү максатында болуп жатат.

- Генерал мырза, армияны контрактык негизге өткөрүү жөнүндө айтып кеттиңиз. Жакын арада Кыргызстандын армиясы толугу менен контрактык негизге өтүшү мүмкүнбү? Эгер мүмкүн болсо анын оң жана терс жактарын айтып берсеңиз?

- Жакын аранын ичинде толук контрактык багытка өткөнгө негиз да жок. Себеби, анын мүмкүнчүлүгү да бүгүнкү күндө жок. Бизге бүгүнкү күнгө кошулган система керек. Себеби дегенде бир жагы контрактык система, экинчи жагы сөзсүз түрдө армияга баруу. Бул Кыргызстандын бүгүнкү шартына абдан ылайык. Андыктан толук өтүүгө негиз да жок. Чынында экономика жагын да эске алуу керек. Жаңыдан жатакана салыш керек.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG