Пелопоннес жарым аралын каптаган өрт 63 адамдын өмүрүн алды. Өлкө борбору Афиныдан түштүк тараптагы жарым аралдын 30дан ашуун жеринде өрткө каршы күрөш жүрүүдө. Премьер- министр Костас Карманалис айткандай, “тилсиз жоону” токтотуу үчүн миң чамалуу грекиялык өрт өчүргүч тартылган. Аларга тыш өлкөлөрдөн өрт өчүргүчтөр жардамга келүүдө.
Өлкөнүн өчүргүчтөр башкармалыгынын өкүлү Никос Диамантис 26- августа Грекия эларалык коомчулуктун жардамына ыраазы экенин билдирди:
-Көптөгөн өлкөлөр чакыруубузга ылайык жардамга кол жөнөтүүдө. Кипрден өрт өчүрүүчү алты машине жана 60 адис келди. Франция төрт аэроплан жана 60 өрт өчүрүүчү жөнөттү. Италия эки учак жиберди.
Дүйшөмбү күнү Грекияга Сербия, Испания, Румыния, Израил, Германиядан суу жүктөлгөн танкерлер жана учактар келмекчи.
Евробримдиктин өкүлү Барбара Хельфферих айым өрттү басууга жетерлик жардамчылар жана техника ыктыярдуу топтолуп калганын 27-августта маалымдады:
-Бизде өрт өчүрүүгө жардамдашалы деген ыктыярдуулар өтө көп. Учактар жана тикучарлар да көп. Алар Евробиримдиктин жетеги астында Грекияга азыркы кризисти токтотууга жардамга жөнөтүлөт.
Биринчи, Олимпия оюндары өткөн байыркы стадион жана эзелки чиркөөлөр өрттөн корголгону менен тегеректеги сейилбактар жана токойлорду апаат аябады. Пелопоннес жарым аралынын батышындагы көптөгөн кыштактардын эли коопсуз жайларга мажбур көчүрүлдү. Греко кыштагынын 89 жаштагы тургуну бүт өмүрү өткөн жайын таштап кетип жатканына өкүттө:
-Мен капамын. Мен үйүмдү калтырып кетим жатканыма боорум эзилет. Эми үйүм күлгө айланат.
Грек бийликтери өлкөнү алааматка салган өрттү кимдир бирөөлөрдүн канасантайлыгы деп шектенүүдө жана аларды кармоого жардамдашкан адамдарга 100 миң евродон 1 миллион еврого чейин сыйлык берилет деп жарялады.
Коомчулук бийликтердин ышкоолугунан өрт өз маалында токтотулбаганын айтышууда. Ошондой эле, жаратылышты коргоого жетерлик көңүл бурулбаганы, курулуш компанияларынын токойлуу жайларга турак үй курбоо жөнүндөгү мыйзамды көзгө илбегени улуттук трагедияга себеп болду дешет.