Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:41

КАРАКУЛЖАДА ДЕПУТАТЫККА ТАЛАПКЕРЛЕРДИ КАТТОО БАШТАЛДЫ


“Ата мекен” партиясынын төрага орунбасары Дүйшөнкул Чотонов № 36-Каракулжа шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкерлигин каттоо үчүн документтерин тапшырды. Аталган округдан буга дейре Баш прокурордун орунбасары Курмантай Абдиев, “Апта” гезитинин баш редактору Керим Айдаров, бизнесмен Ырысбай Майлыбашев ат салышаары белгилүү болгон.

27-августта “Ата мекен” социалисттик партиясынын лидерлеринин бири Дүйшөнкул Чотонов Жогорку Кеңеш депутаттыгына ат салышаарын жарыя кылды. Бул туурасында Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Амат Маматоморов «Азаттыкка» маалымдап, кандидаттарды көрсөтүү 3-сентябрда бүтөөрүн, а үгүт иши талапкерлерди каттоо аяктаары менен башталаарын кошумчалады.

- № 36 Каракулжа шайлоо округу боюнча төртөө. Айдаров Керимбек, Абдиев Курмантай, Майлыбашев Ырысбай жана Чотонов Дүйшөнкулдар кошулду. Бул 3-сентябрга чейин талапкерлигин көрсөтсө боло берет. Үгүт, насаат иштери каттоодон бүткөн тартып боло берет,- деди Амат Маматоморов.

Каракулжа районунун тургуну Мырзабек Акматов 2005-жылдын февраль айындагы парламенттик шайлоонун адилетсиз өткөндүгүнөн улам жердештери көтөрүлгөнүн эскерет. Ошол жылкы март ыңкылабында Ошто Чотонов чапчаң лидер экендигин далилдегендигин айтат. Ошондой эле президент Курманбек Бакиев 2005-жылдын июнь айында Алайкуу өрөөнүнүн калкы менен жолукканда Чотоновду жаңы бийликте пайдаланаарын убада кылып, бирок сөзүнө турбагандыгына кападар.

- Курманбек Салиевич президенттике талапкер болуп, ошол жерде талапкерлиги коюлуп жатканда Алайкууга барып тургундары менен жолугушуп келген. Ошондо аябай баса белгилеген жери бар. Ошол Дүйшөндүн ыңкылаптын убагында аябай салымы зор. Дүйшөндү чоң бийликтин бутактарына алып барабыз деген убадалар бар эле. Бирок, кийинки мезгилде ошол убадалар аткарылбай калды,- деди Мырзабек Акматов.

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын райондук координатору Асан Каракозуев бийлик бутактарында, айрыкча, кыргыз парламентинде жаштар өкүлүнүн аздыгына өкүнөт. Коомдо жаңы муун чоң күч экендигин баса белгилеп, бул курактагылардын потенциалын, идеясын көбүрөөк пайдаланса, мамлекет утмак деп эсептейт.

- Бүгүнкү күндө парламенттен, жаштардан Кыргызстан үчүн күйүп-бышып иштей турган адамдар аз болуп жатат. Жаш, прогрессивдүү, эки жакка моюн сунбаган өзүнүн сөзүнө бекем турган жаштар болсо жакшы болмок,- дейт Асан Каракозуев.

Ал эми он жылдан бери шайлоолорго байкоо жүргүзүп келаткан “Жыпариса” бейөкмөт уюмунун директору Канышай Жамгырчиева 2002-жылдан бери Каракулжа округу шайлоо чырынын чордонуна айланганын белгилейт. 2002-жылы Үсөн Сыдыков, 2005-жылы Дүйшөнкул Чотонов Жогорку Кеңешке шайланышына каршы бийлик бардык ресурсун пайдаланганын эске салат. Быйылкы 14-октябрдагы шайлоо жараянын да кокту-колот кызыкчылыгы, уруучулдук психология кыя өтпөсүн ырастайт. Саясий таймаш катуу жүрөөрүнөн күмөн санабайт.

- Каракулжа округу 2002-жылдан бери шайлоонун борборуна айланган. 2002-жылы Үсөн Сыдыковду шайлоодон саясий себеп менен четтетишкен болсо, 2005-жылы Дүйшөн Чотоновдун Жогорку Кеңешке барышына бийлик бүт ресурстарын каршы пайдаланган. Бул сапар деле Каракулжада кокту-колот кызыкчылыгы, ууручулук, психология өкүм сүрүшү мүмкүн. Билишибизче, азыр депутаттыкка талапкерлигин коюп жаткан “Ата мекен” партияснын лидери Дүйшөн Чотоновдун, баш прокурордун орунбасары Курмантай Абдиевдин, ишкер Ырысбай Майлыбашевдин, “Апта” гезитинин баш редактору Керим Айдаровдун ортосунда катуу таймаш жүрөөрү шексиз,- дейт Канышай Жамгырчиева.

XS
SM
MD
LG