Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:01

ООГАНСТАН АПИЙИМ ӨСТҮРҮҮДӨН ДҮЙНӨЛҮК РЕКОРД КӨРСӨТТҮ


2006- жылы Ооганстандын түндүк аймактарында апийим өстүрүү бир кыйла азайды. Бирок, өлкө түштүгүндө жана чыгышында апийим өндүрүү олуттуу көбөйдү. Азыр дүйнөлүк кара базардагы маң заттарынын дээрлик 95 пайызы Ооганстанда өндүрүлөт деп айтылат БУУ дүйшөмбү күнү жарыяланган изилдөөдө. Апийим өндүрүү эң алды Ооганстандын түштүгүндөгү калабалуу кырдаалга, ошондой эле бийликтердин наркобарондор менен маң аткезчилигине аралашкан чиновниктерди жоопкерчиликке тарта албагынына байланыштуу “рекорддук деңгээлге” өскөн.

БУУнун Маң соодасына жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кеңсеси 2006-жылы Ооганстанда апийимчилик “дүркүрөп өстү” деп санайт. БУУнун адистеринин эсеби боюнча, өткөн жылы Ооганстанда апийим өндүрүү 30 проценттен 50 процентке чейин көбөйүп, өтө кооптуу проблемага айланды.

Маң соодасы жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү кеңсесинин талдоочусу Томаш Пичман “Азаттык” радиосуна берген интервьюда, Ооганстанда апийим өстүрүлгөн жерлердин көбөйгөнүн өкүнүү менен белгиледи:

-Өтө жаман кабар- бул Ооганстанда апийим айдалган жерлердин дагы 17 процентке көбөйгөнү. Башка өлкөлөрдө да апийим өндүрүүнүн өскөнү бизди тынчсыздандырат. Ооганстанда апийим өндүрүү, тонналап эсептегенде, 34 процентке көбөйдү.

Ооганстандын Гелманд провинциясы, БУУнун Маң соодасы жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү кеңсесинин мүдүрү Антонио Марио Костанын айтымында, өтө коркунучтуу маң заты- героин жасалчу апийимдин булагына айланган.

Апийимчиликке каршы күрөш Ооганстандын түндүк аймактарында ийгиликтүү жүрүүдө. Азыр Ооганстандын 10 провинциясы апийимчиликтен эркин деп саналат. Алар негизинен өлкө түндүгүндөгү чөлкөмдөр. Бир жыл мурда мындай алты гана провинция бар болчу. Бирок, өлкө түштүгү менен чыгышындагы согушчандар контролдогон провинцияларда апийимчилик кеңири жайылгана Томаш Пичман көңүл бурду:

- Ооганстанда апийими жок аймактар көбөйдү. Ошол эле мезгилде өлкөнүн түштүгүндө жана чыгышында апийимчилик чындап өстү. Айрыкча, Гелманд жана Нангархар провинцияларында апийим өндүрүшү өтө олуттуу көбөйдү.

Арийне, апийим талааларынын көбөйүүсү менен Ооганстандын түштүк коңшулары Пакистан жана Иранда маң аткезчилигинин өсүшүнө түркү болгон. Томаш Пичмандын айтышынча, Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда баңгичилик дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн эки эсеге жогору:

- Өзбекстанда 15 жаштан 64 жашка чейинки курактагылардын 0, 8 пайызы маң заттарын пайдаланышат. Бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн эки эсеге чоң. Кыргызстанда да ушундай. Казакстанда бул көрсөткүч 1 пайызга, Россияда 1,5 - 2 пайызга барабар.

XS
SM
MD
LG