- Кыргыз коомчулугунда оппозиция элди өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып кетти, бирок, митингчилер сот жообуна тартылып жатканда аларды коргоо үчүн жетиштүү чара көрүлгөн жок деп айтылып келе жатат. Буга сиз эмне дээр элеңиз?
- Менин оюмча бул олдоксон коюлган суроо. Кыргыз коомчулугунда мындай маселе кеңири коюлуп жатат дегенге мен кошула албайм. Себеби, биринчиден оппозиция элди митингге чыгарып, короосуна кой топтоп алган жок. Ошол элдин кызыкчылыгын көздөп, ашкере жанкор, жердешчил, зөөкүр бийлик эсине келеби же келбейби деген далалат жасап жатпайбы. Ошондуктан элдин көпчүлүгү митингдин максаттары башка экендигин жакшыраак түшүнөт деп ойлойм. Ал эми чараны болсо, албетте, көрөбүз. Оппозициянын да бала-бакырасы, турмуш- тиричилиги бар да. Ошондуктан баарыбыз тең эс алууда болдук. Эми болгон чараларды көрөбүз. Бирок, амбразурага өзүбүздү таштайлы десек, амбразура жок да. Ошондуктан менимче маселе башкача коюлушу керек. “Уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат” деген кыргыздын макалы сыяктуу бейкүнөө адамдарды жоопко тартып эле чыныгы митингди таркатууга даярдалган провокаторлорго эч кандай чара көрүлбөй жатат.
- Эркин Акназаров менен Жолдошбек Абдиев төрт жарым жылга, ал эми арты төрт жылга соттолду. Сентябрь айында да сот болгону турат. Айрым укук коргоочулар муну катуу чара деп айтып жатышат. Аларга каршы административдик чара колдонуу жетишпейт беле, же бийлик мындай катуу чара менен кандай максатты көздөп жатат деп ойлойсуз. Бул элдин жүрөк үшүн алуу аракети эмеспи?
- Ооба, элдин жүрөк үшүн алалы деген аракет болуп жатпайбы, экинчи бизге каршы чыкпасын деп. Болбосо мыйзамды ошончолук эле сыйлап, баалаган бийлик болсо, бийликте зөөкүрчүлүк менен күч колдонуу менен басып алгандарга, Бишкекти дээрлик талкалап, элди жүздөгөн, миллион долларга сарп кылгандарга жок дегенде чара көрүп, бирин-экин камайт эле го. Анын баары тең жабылуу аяк менен калат да, анан провокаторлорду атайын даярдалып келип туруп, ушул жерден чагым салып, ушул жерден мушташ уюштургандарды коргоого алып жаткандыгы эл үчүн таң калаарлык. Ошол жерге да чогулуп келген элди жаакка чапкандай мамиле болуп жатпайбы.
- Ал эми оппозиция лидерлеринин айрымдарына кылмыш иши ачылды эле. Бирок, ал иш токтогон бойдон турат.
- Эгерде колунан келсе, бизди албетте түрмөгө жиберип коймок. Колунан келбей турат. Албетте, улантышка аракет кылат. Бийликтин тегерегинде бийлик үчүн, байлык үчүн атасын жара тарткандан кайра тартпаган байдын дөбөтүндөй лакылдагандар колунан келсе бизди эчак жеп салмак. Айласы жогунан эле турат.
- Азыр дан эгиндери кымбаттады. Күзүндө коомдук транспорттун тарифтери көтөрүлгөнү турат. Бул албетте элдин социалдык абалынын начарлашына алып келет. Ушул маселелердин баары тең саясий кырдаалдын курчушуна күз айларында алып келиши мүмкүнбү?
- Сөзсүз түрдө алып келиши мүмкүн. Экономикабыз өсүп жатат, баары жыргал болуп жатат деп дембе-дем айтып келе жатат. Ал эми нан, картөшкө, кумшекер, суу майдын баалары- бул экономиканын бирден-бир көрсөткүчү. Демек, экономика өнүгүп-өспөй эле кыйын абалда тургандыгы иш жүзүндө далил. Албетте, бул кырдаалдын курчушуна алып келет. Менин оюмча жүрө-жүрө эл оппозициясы жок эле өзү бул бийликтин сазайын бериши мүмкүн деп ойлойм. Биздин да керегибиз жок болуп калышыбыз мүмкүн.
- Саясий кырдаал курчуйт деп турасыз. Оппозиция бул жаатта бирдиктүү стратегия, бирдиктүү тактика иштеп чыга алдыбы? Апрель айындагы тактика өзгөрүшү мүмкүнбү? Оппозициянын кандай пландары бар?
- Азыр оппозиция болобу, бийлик болобу бардыгыбыз бир сорт болуп жатабыз. Бардыгыбыз тең совет системасынан чыккан мыкчыгерлер болуп жатпайбызбы. Трагедиянын баары ошондо болуп жатат. Менин оюмча, бул кыргыз башкаруу элитасымын деп жүргөндөрдүн КПССтен калган саркындыларынан дээрлик кутулмайынча кыргыз коомчулугу жакшылык күтпөйт го. Себеби бардыгыбыз тең тоталитардык системадан келип чыгып жатабыз. Бири-бирибизге сын тага турган деле алыбыз жок. Менимче, башкаруучу элитаны жаңы жаш муундардан негиздеп, билимдин негизинде уюштурсак туура болот.