Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:12

АКШ БАШКЫ ПРОКУРОРУ КЫЗМАТТАН КЕТМЕЙ БОЛДУ


АКШнын башкы прокурору Алберто Гонсалес кызматынан бошонум сурап, президент Жорж Бушка арыз берди. Буш анын өтүнүчүн кабыл алды. Мындан мурда Буштун дагы бир кеңешчиси да кызматтан кеткен эле.

Алберто Гонсалес башкы прокурордун кызматынан кетмек болгонун Вашингтондогу маалымат жыйынында билдирди. “Кечээ мен президент Бушка жолугуп, 17-сентябрда башкы прокурордун кызматынан кетүүнү чечкеними маалымдадым”, - деп айтты Гонсалес. Эмне себептен мындай чечимге келгенин ал түшүндүргөн жок,бирок президент Бушка достук мамилеси жана америкалыктарга кызмат кылганга мүмкүндүк бергени үчүн ыраазылык билдирди.

Гонсалестин бошонум сураган арызын кабыл алганын президент Буш өзү ырастады. “Юстиция министрлигинин ишине салакасын тийгизген бир айлык адилетсиз сындардан кийин Гонсалес кызматынан бошонум сурады жана мен анын чечимине макул болдум”, - деп билдирди Буш. Гонсалести америкалык президент туурачыл,таза жана принциптүү адам деп сыпаттады. Ушундай адамдарга адал кызмат өтөгөнгө мүмкүндүк бербей, саясий жүйөөдөн улам алардын атын жаманатты кылгандарга Буш нааразы экенин да жашырбады.

Гонсалестен мурдараак, 17-августта Буштун дагы бир жакын кеңешчиси Карл Рув да кызматынан кеткен эле.

Гонсалес учурунда Буштун жеке адвокаты болгон, юстиция министрлигине мындан эки жыл мурда дайындалган. Быйыл июнда демократ-сенаторлор аны ишенимден ажыратуу маселесин сенатта добушка салганга аракет кылышып,бирок ал оңунан чыкпай калган эле. Гонсалес 2006-жылдын этегинде федералдык тогуз прокурорду кызматтан алган. Бул ишти териштиргени конгресс комиссия түзүп, Гонсалес Ак үйдүн макулдугу менен бардык 93 федералдык прокурорду кызматтан бошотууну,алардын ичинен азыркы президентке лоялдуу карагандарды кийин кайра ордунда калтырууну көздөгөнүн аныкташкан. Мындан тышкары ага мандемдүү көрүнгөн америкалыктардын жана чет элдик жарандардын артынан тыңчы салып,аңдыткан улуттук коопсуздук мекемесинин ишин териштиргиси келген конгресстин аракеттерине тоскоолдук түзгөнү үчүн айыпташкан.

Гонсалестин кызматтан кетүүнү чечкенин бейтарап байкоочулар,алардын ичинде Вашингтондогу Конституциялык долбоор тобунун президенти Виржиния Слоан да позитивдүү кадам катары баалашты.

Айрым маалыматтарда Гонсалестин ордуна улуттук коопсуздук министрлигинин азыркы жетекчиси Майкл Чертофф сунуш кылынат деп айтылууда.

XS
SM
MD
LG