Бийлик күзгү саясий сезонго бир катар ийгиликтер менен кошо курч социалдык проблемалар менен кирип келатат. Ийгилик катары Шанхай кызматташуу уюмунун саммитин өз нугунда өткөрүү жана Кумтөр боюнча канадалыктар менен сүйлөшүүдө мамлекет үчүн 300-400 миллион доллар пайда алып келүү реалдуу боло баштаганын атасак болот.
Проблема болсо бул баалардын кескин көтөрүлүшү менен эл ичинде нааразылыктын күчөшү. Мындан сырткары президент, өкмөт жана парламент күзүндө чече турган орчундуу маселе бул конституциялык реформа.
Катарында Аликбек Жекшенкулов, Валентин Богатырев, Нур Омаров, Токтогул Какчакеев жана башка талдоочулар бар Кыргызстан саясат таануучулар бирикмесинин эксперттик тобу Кыргызстанда саясий кырдаал төрт багыттын биринде өнүгүш ыктымалдыгын божомолдойт.
Биринчи вариант боюнча бийлик да, оппозиция да активдүүлүктү көрсөтпөйт. Конституция кабыл алынып, өкмөт кызматтан кетет. Андан кийин же коалициялык өкмөт түзүлөт, же президент өзү каалагандай өкмөттү курайт. Мындай шартта күзүндө оппозиция активдүүлүктү көрсөтө албайт. Бирок келерки жылдын жазында энергетика, кен байлык жана башка маселелерге байланыштуу кырдаал курчушу ыктымал.
Экинчи вариантта, кайсы бир тарап активдүүлүктү көрсөтүп, алдын ала чараларды көрө баштайт. Бул вариантта кырдаал үч багытта өнүгүшү ыктымал. Биринчисинде, президент 2006-жылдагы конституциядан баш тартып, 1993-жылдагы конституцияга кайрылат.Андан кийин парламентти таркатып, өзүнө ылайыктуу Жогорку Кеңештин түзүүгө аракеттенет.
Экинчиси боюнча, парламент өзүн-өзү таркатат. Мындай сценарий ишке ашса, оппозиция үчүн оңтойлуу кырдаал түзүлөт. Анткени, кайра шайлоо учурунда нааразылык потенциалы күчөйт.
Үчүнчү багыт боюнча оппозиция күрөштү күчөтүп, президентти кызматтан кетирүү талаптарын кое баштайт.
Кырдаалдын өнүгүүсүнүн үчүнчү варианты боюнча конституция кабыл алынып, президент өзүнө ыңгайлуу өкмөттү курайт. Андан кийин мөөнөтүнөн мурда 2008-жылы парламенттик шайлоо өткөрүүгө даярдык көрө баштайт. Мындай шартта курчуган социалдык-экономикалык кырдаалга саясий күрөш кошул-ташыл болуп, 2005-жылдагы окуя кайталанышы ыктымал.
Төртүнчү вариант боюнча, эл ичинен жаңы лидерлер өсүп чыгып, алар социалдык-экономикалык оорчулуктан пайда болгон нааразылыкты пайдаланышат. Мындай шартта кризис күчөп, өлкөдө абал өтө оорлойт.
Саясат таануучулар Кыргызстан ушул багыттардын биринде өнүгүшү ыктымал дейт. Ал эми саясатчылар өздөрү кандай күрөштөрдү, процесстерди күтүп жатат? «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев мындай көз карашын ачыктады:
-Партия өзүнүн пландагы иштерин жасайт. Жер-жерлерде уюмдарын бекемдейт. Себеби, бул жылы парламент таркап, партиялык тизме менен шайлоо болуп калышы мүмкүн.
Ал эми өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев жетектеген cоциал-демократиялык партиянын мүчөсү Эдил Байсалов эң олуттуу маселе катары азык-түлүккө баанын кымбатташын атады:
-Биздин азыркы кезде эң тынчсызданганыбыз баалардын өсүшү болуп жатат. Албетте, биздин өкмөт, өзгөчө партиялашыбыз Алмазбек Атамбаев күнү-түнү ошол проблеманын үстүндө иштеп жатат.
Эдил Байсаловдун айтымында, социал-демократиялык партия мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого даярданган жок. Бирок ага даяр болуу керектигин эстен чыгарган жок.
«Асаба» партиясынын лидери Азимбек Бекназаровдун айтымында, анын партиясы конституциялык реформа үчүн күрөш жүргүзөт. Реформадан кийин шайлоого байланыштуу мыйзамдар кабыл алынып, андан кийин партиялык тизме боюнча шайлоо болгону максатка ылайыктуу. Бирок парламент өз эрки менен тароого барбайт, деп белгиледи Бекнзаров.