29-августтан тарта 5-сентябрга дейре Пиза университетинин профессору А.К.Изаакс жетектеген жумушчу тобу Кыргызстанда болот. Бул иш-сапары маалында европадан келген эксперттер аймактардагы мамлекеттик ЖОЖдордо Болон процесси боюнча улуттук маалымат борборлорун ачышат. Мындан тышкары алардын кыргыз тарап менен биргеликте Болон процесси тууралу маалымдама чыгаруу максаттары бар. Билим берүү жаатын Болон процессине ылайык реформалоо бул иш-чаралар жыйынтыгы тууралу кеңири маалымат ноябрда өтүүчү эл аралык илимий конференцияда берилет. (ElenK)