Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

САМАРКАНДДЫН МААРАКЕСИНДЕ КАРИМОВДУ КАЛУУГА ҮНДӨГӨН ЧАКЫРЫКТАР АЙТЫЛДЫ


Өткөн аптанын соңунда Өзбекстанда Самарканд шаарынын 2750 жылдык мааракеси белгиленди. Анткен менен майрамдык салтанаттар учурунда саясий маселе да көтөрүлүп, президент Ислам Каримовду бийликте калууга үндөгөн чакырыктар айтылды.

Өзбек Конституциясынын азыркы жоболоруна ылайык, президент Ислам Каримовдун бийликтеги экинчи жана соңку мөөнөтү быйыл январь айында эле аяктаган.

Бирок расмий Ташкент бул датага эмес, тескерисинче Конституция боюнча президенттик шайлоо декабрь айынын үчүнчү жекшембисинде өтөөрүнө көңүл бурду. Анткен менен шайлоонун болор–болбосу тууралуу расмий бийлик азырынча ачык эч нерсе айта элек. Ал эми өзбек Конституциясы шайлоону бери дегенде белгиленген мөөнөттөн үч ай мурда жарыялоону талап кылат.

Эгер шайлоо чын эле декабрь айынын үчүнчү аптасына белгиленип жатса, анда 23 –сентябрдан кечиктирилбестен жарыяланышы абзел.

Өткөн аптанын соңунда Самарканд шаарынын 2750 жылдык мааракесин майрамдоо учурунда айтылган айрым чакырыктарга караганда, президент Ислам Каримов Конституция тыюу салганына карабай, дагы бир мөөнөткө камданып калгандай. Самарканддын расмий өкүлдөрү буга колдоосун билдиришти. Маселен, мааракеде сүйлөгөн сөзүндө самарканддык мугалимдердин бири президентке төмөнкүдөй сөздөрүн арнады:

- Сиз Өзбекстанды, Самаркандды кайра жаралттыңыз. Өзбекстанды, элибизди, Самаркандды дүйнөгө тааныттыңыз. Биз жетишкендин баары сиздин жетекчилигиңиздин натыйжасы деп айтаар элем. Улуу урматтуу Ислам Абдуганиевич, элибизди жогорудагыдай чоң ийгиликтерге алып барууда сизге күч–кубат жана ден–соолук, бакубатчылык каалайбыз. Жаман көздөн сизди Кудайым өзү сактасын!

Айтор, мамлекет башчыларын кызмат мөөнөтү аяктаган кезде бийликте калууга үндөгөн чакырыктардын айтылышы Өзбекстан эле эмес, Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү үчүн мүнөздүү көрүнүш.

Алишер Таксанов кезинде Өзбекстандын Орусиядагы элчилигинде иштеген. Кийин журналист катары жазган макалаларынан улам куугунтукка кабылып, былтыр мекенин таштоого аргасыз болгон. Ал “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун өзбек кызматына берген интервьюсунда Самарканддын мааракесинде негизги көңүлдүн президент Ислам Каримовго бурулушун, анын бийликте калуусуна көргөзүлгөн колдоо ирээтинде кароо керектигин белгиледи:

- Менимче, бул мааракенин быйылкы шайлоо жылы өткөрүлүшү президенттин беделин чыңдоого багытталган. Президент муну менен болуп өткөндүн баардыгына карабай, мен али кубаттуумун, мени четтетүү мүмкүн эмес, Борбор Азиядагы таасирим жоголо элек деп айткысы келет. Самарканддын мааракесиндей шан -шөөкөттүү
салтанат бир адамдын таасири астында гана өтө алат.


Өзбекстанда нукура оппозициялык партия жок. Каримовдун дарегине катуурак сын айткандардын баары мекенин таштоого аргасыз болгон. Калгандары такай бийликтин кысымы астында.

Байкоочулардын көбү президенттик шайлоо менен байланышкан расмий тынчтыкты өкмөт өзү бузарын болжошууда.

Өзбекстан көз карандысыздыгынын 16 жылдыгын 1-сентябрда белгилейт. Айтор, президенттик шайлоо айланасындa ачыктык мына ушул окуядай кийин билинчүдөй.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG