28-августта Кыргызстан боюнча диабет ассоциациясынын төрайымы Светлана Мамытова Талас шаарындагы диабет оорусуна чалдыккан адамдар менен болгон тегерек үстөлдө жолугушту. Тегерек үстөлгө катышкан оорулуулар аларга облус тараптан көңүл бурулбай инсулин, дары-дармек жок болуп жаткандыгын, таблетка түрүндө дарыларды жергиликтүү бюджеттен берилиш керектигин айтышты. Бирок, ал иш жүзүнө аткарылбай жатканын айтышты. Облус боюнча диабет оорусуна канча адам чалдыкканы тууралуу так маалымат жок. Светлана Мамытованын айтымында, бул ооруга чалдыккан адамдардын саны Кыргызстан боюнча беш эсеге көбөйгөн. Тегерек үстөл Талас шаарындагы “Демократияны колдоо” маалымат борборунун залында болуп өттү. (UA)