Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

ДЕРЕКТИР АЛМАШКАНГА МУГАЛИМДЕР НААРАЗЫ


27-августта Жалалабат шаарындагы эки мектептин мугалимдери менен ата-энелердин өкүлдөрү облустук жана шаардык бийликтердин алдына келишти. Алар шаардагы мыкты деп саналган гимназия мектебинин деректиринин кызматтан бошотулганына жана Жусуп Бакиев атындагы мектептин директорун ошол гимназия мектепке которууга нааразы болушту. Гимназия мектептин жамааты талабы аткарылбаса президентке кайрыла тургандыгын билдиришти.

Жалалабат шаарындагы мектеп-гимназиянын деректири Людмила Лебедева облустук билим берүү башкармасынын буйругу менен өткөн аптада кызматтан алынган. Ага нааразы болгон мугалимдер менен ата-энелер экиге бөлүнүп, 35 киши облустук, 15 адам шаардык бийлик алдына барышты. Төрт баласы ушул Михаил Бабкин атындагы гимназияда билим алган Жанна Саралаеванын айтымында, ата-энелер менен мугалимдер мектеп деректирин кызмат ордунда калтырууну талап кылышты.

- Бул шаарыбыздагы эң күчтүү мектеп. Эң компетенттүү, эң жакшы директорду дагы жок дегенде бир-эки жылга койсун. Ал карып калган жок. Бир тыйын берген адам эмесмин. Сураган да эмес. Келип эле ачкычты бер деген болбойт да,- дейт Жанна Саралаева.

Нааразы болгондордун өкүлдөрүн губернатор Искендер Айдаралиев кабыл алган, бирок Жанна Саралаеванын белгилешинче облус башчысы алар менен жолугушканда мектеп деректирлерин алмаштыруу тууралуу билбей турганын айткан.

Быйылкы беш бүтүрүүчүнүн АКШнын окуу жайларына кетүүсү гимназиядагы билим сапатынан кабар берет. Кыргыз тили сабагынын окутуучусу Ханифа Узенова жамаат менен макулдашпай туруп деректирди кызматтан алуу буйругуна таптакыр каршы.

- 13 кабинетке чогулгула деди. Биз келип отурганда Калматов менен чогуу келип, пенсияга чыкканына байланыштуу бүгүндөн тарта жумуштан алынды деди. Буйрук бар деди, бирок ал кагазды деле көрсөткөн жок,- мугалим Ханифа Узенова.

Нааразы болгондор губернатор орунбасары менен облустук билим берүү башкармасын түшкү тамакка чыгышпай мектеп короолорунда күтүп турушту. Ханифа Узенова талаптары аткарылбаса, буйрукту жокко чыгаруу талабы менен президентке кайрыла тургандыктарын билдирди.

- Энергиясы, эрки күчтүү, иштеп жаткан аялды иштен алып салуу бул мыйзамга жатпайт. Анын үстүнө коллектив билбейт экен, директор да, мэр да, губернатор да билбейт экен,- деп кошумчалады Ханифа Узенова.

Шакир Калматовдун Жусуп Бакиев атындагы 3-орто мектепти башкарганына бир эле жыл болгон. Бирок бир жылда өзүнүн уюштуруу жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алган деректирди башка мектепке которбоону мугалимдер жамааты каалоодо. Орус тилинин мугалими Өмүрбекованын билдиришинче, Калматов мектеп жамааты дем алуу кезегинде жүргөндө да бир күн эс албай, мектепти жаңылап, зарыл адистерди таап, керектүү нерселер менен камсыздап койду.

- Биз коллектив менен суранабыз, ошол директорду өзүбүзгө калтырса, кылган максаттарынын ниетине жеткирсе. Башка мектепке директор болгону биз үчүн аябай өкүнүчтүү. Өзү жаш оту күйүп турган мезгили. Каникулда жүргөндө биз эс алдык. Бир да мугалимди чакыртпай өзү күнү-түнү жумушчулар менен чогуу жүрдү, - дейт мугалим Өмүрбекова.

Мугалимдердин Лебедева макулдашылбай кызматтан алынды дегени туура эмес. Анын пенсияга чыкканына үч жыл болду. Директор мектеп жамаатынын кытышуусунда бошотулган. Ал облуста алмашылган 15 деректирдин бири, деп айтты облустук билим берүү башкармасынын башчысы Чырмаш Дооронов.

- Үч жылдан бери пенсия алып жүрүптүр. Бизде азыркы маалда жаш кадрларга жол бериш керек. 30-35 жашка чыккан жаш кадрларыбыз бар. Алар балким Лебедевага караганда, эки-үч эсе жакшы иштейт. Мектепти бир гана облуска гана эмес, республиканын деңгээлине чыгара турган жигиттер бар. Азыркы учурда жалаң жаштарыбыз Орусияга, Казакстана кетип жатышат жумушубуз жок деп,- дейт Чырмаш Дооронов.

Жусуп Бакиев атындагы орто мектептин деректири Шакир Калматовдун иш-тажрыйбасы Михаил Бабкин атындагы гимназияга керек. Калматовдун ордуна албетте, башка кадр табылат.

- Шакир Калматовго бул өсүш. Бир жылдын ичинде жөнөкөй мектепте өзүн көрсөттү. Эми мектеп-гимназияда да өзүнүн ишин көрсөтүш керек. Ал эми берки мектепке кадрды табабыз. Керек болсо андан да жакшы кадрды табабыз, - деген жообун билдирди Чырмаш Дооронов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG