Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 23:51

ТҮРКИЯНЫН 11-ПРЕЗИДЕНТИ БОЛУП АБДУЛЛА ГҮЛ ШАЙЛАНДЫ


Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл 339 добуш менен мамлекет башчы болуп шайланды. АК партиясынын атынан талапкер катары көргөзүлгөн Гүл президенттикке шайланып калса, Түркия исламчыл нукка бурулабы деген суроо миллиондогон секулярчыларды тынчсыздандырып келген эле.

Апрель айында мамлекет башчылыкка премьер-министр Режеп Таип Эрдогандын партиялаштарынын бири шайланат деп чочулаган миллиондогон түрктөр көчөлөргө чыгып, нааразылыгын билдирген эле. Эмне дегенде АК же “Адилет жана өнүгүү” партиясынын башатында исламчыл партия турат.

Массалык нааразылыктын толкуну саясий кризис тутантып, 22-июлда эрте шайлоо өткөрүлгөн. Бирок анда Эрдогандын партиясы мурдагыдан да көп добуш алды. Муну менен Абдулла Гүлдүн парламентте көпчүлүк добуш алуу мүмкүнчүлүгү да кыйла өстү.
Ошентип, Түрк жумуриятынын тарыхында алгачкы жолу президенттикке эскичил мусулман шайланды.
Ататүрк негиздеген жумурияттын секулярдуу принциптерин жактагандар, анын ичинде армиянын реакциясы кандай болушу мүмкүн?

-Демонстрацияларга чыккандар, айрым саясий партиялар өлкө фундаментализмге ооп баратат деп айтып жатышты. Анан эмне болду? АК партиясы добуштардын жарымынан көбүн чогулутту. Менимче, өлкө динчил болуп баратат же динге берилгенин ачык көргөзгөн адамдардын саны көбөйүүдө. Бул Түркиянын секулярдуу системасынын аягана чыгып баратышын туюндурабы? Мен жок деп ойлойм, - дейт түркиялык саясий аналитик Бүлент Алириза.

Бирок тирешүүнүн белгилери азыртадан эле байкала баштады. Шайлоонун акыркы айлампасынын алдында Түрк армиясынын кол башчысы генерал Яшар Бүйүканыт “карангы күчтөр” өлкөнүн биримдигине жана секулярдуулугуна кооп туудурууда деп эскертти.

Өз кезегинде АК партиясы парламменттеги күчүн колдонуп, Түркиянын секулярдуу салттарына өзгөртүү киргизүүгө аракеттениши ыктымал деген ишаралар пайда болду.

Атап айтканда, сентябрдын этегине чейин жаңы конституциянын долбоору киргизилмекчи. Анда жарандардын жеке эркиндиктери кеңейтилет, - деп ырасташууда партиянын өкүлдөрү.

Маалымат каражаттарынын кабарлоосунда, жаңы долбоордо президенттин ыйгарымдары кыскартылат, андан тышкары аскерий башкарууну жарандык көзөмөлгө өткөрүү жана жогорку окуу жайларында жоолук салынып жүрүүгө тыюуну алып салуу каралган.

АК партиясы секулярдуулукка берилгенин кайталап келатат, бирок жогорудагы сунуштардын түрк либералдары арасында колдооо табышы күмөн.
Ошол эле маалда Эрдоган бийликеке келгенден бери Түркия Европа биримдигине кирүүгө карай олуттуу кадам таштады.

-Гүл берген убадаларын аткарса, жумурияттын демократиялык табияты сакталат деген сөзүн бузбаса, тирешүү болбошу мүмкүн, - деген ойдо “Радикал” гезитинин журналисти Мурат Йеткин.

XS
SM
MD
LG