Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 11:46

ИРАНГА МАГАТЭНИН ДООМАТТАРЫ ТОКТОДУБУ?


Жаннат Токтосунова, Бишкек Иран эл аралык атомдук агенттик менен плутоний боюнча экcперименттерине байланыштуу бардык маселелер чечилгенин жар салды. Мындай маалымат агенттиктин интернет сайтында жарыяланган. Бирок айрым серепчилер Иран чайкоочулук кылып кетиши мүмкүн деп эсептешүүдө.

Ирандын миссиясынын суранычы менен МАГАТЭнин Венадагы катчылыгы беш барактан турган макулдашууну жарыялады. Агенттиктин өкүлдөрү макулдашууга өткөн шейшембиде Тегеранда кол коюшкан. Документте плутоний менен эксперименттери боюнча Ирандын мурда жасалып келген билдирүүлөрү туура экенин жана бул маселе ушуну менен чечилгени айтылган.

Макулдашууда эл аралык атомдук агенттик менен Ирандын кызматташуусунун мындан аркы баскычтары көрсөтүлгөн. Сентябрдын аяк ченине чейин Натанцтагы атом байытуу комплексин көзөмөлдөө тартиби боюнча юридикалык келишим түзүү каралган. Ноябрга чейин Иран уранды байытуу боюнча жаңы Р-2 центрифугаларын куруу аракети боюнча суроолорго жооп бериши керек. Азыр колдонулуп жаткан Р-1 центрифугалары эскирип, улам бузула берет. Жаңы центрифугалар уранды 2-3 эсе ылдам байыта алат.
Иран МАГАТЭнин бардык суроолоруна жооп берүүгө даяр экенин белгилеп, мындан ары агенттик менен тыгыз кызматташуу милдетин мойнуна алды.

Бирок көптөгөн адистер Ирандын бул убадасына ишене бербеди. Кайл Шеннон Стокгольмдогу Эл аралык тынчтык институтунун башкы адиси. Анын айтымында, Иран МАГАТЭнин талаптарын аткарып, бардык суроолоруна жооп бергенден кийин бул иш жабылат деп ишенет:

-Ирандын атомдук программасы боюнча чулгандуу окуяга чекит коюга МАГАТЭнин чечими гана жетиштүү болобу? Бул өтө маанилүү суроо, себеби Иран мурда атомдук программасына байланыштуу көптөгөн кадамдарын жаап-жашырып келгенин эске алганда, атом тынчтык максаттарда гана колдонот деп так айтууга болбойт.

Иран атомдук программасынын башкы максаты – электр кубатын өндүрүү үчүн ядролук реактор куруу гана деп билдирип келет. Бирок эл аралык коомчулуктун көптөгөн өкүлдөрү Иран плутонийди гана иштетпестен, уранды да байытып жатканын белгилешип, өлкө ядролук куралды чыгарууну каалап жатканын белгилешет. Макулдашуу менен тааныш бир дипломат Иран менен МАГАТЭ маанилүү маселелерди чечүү багытында кызматташып жатканы жакшы жаңылык экенин айтып, бирок документ Иран үчүн ар кыл айла-амалдарды жасоого шарт түзүп бериши мүмкүн экенин белгиледи.

Кайл Шеннон болсо аталган келишимди Иранга БУУнун Коопсуздук Кеңеши басым көрсөтүп жатканын эске алуу менен кабыл алыш керек деп эсептейт. Буга чейин Коопсуздук Кеңеш Ирандын уран байытуу аракеттеринен улам чектөөчү санкцияларды киргизген эки резолюция кабыл алган. Кошмо Штаттары Иранга каршы үчүнчү, мурдагыдан да катаал резолюция да кабыл алынышы мүмкүн деп эскерткен. Кайл Шеннондун айтымында Иран БУУнун жаңы санкцияларына кабылбоо аракетин жасап жатат:

-Иран дүйнөлүк кысымдан айрылуу жолун издеп жатат. Иранга байланыштуу проблеманы чечүү аракеттери Тегеренга катуу санкцияларды киргизүүгө каршы болгон Орусия жана Кытай өңдүү өлкөлөргө жардам берүүдө. Алар бул макулдашууга таянып, Иранга көбүрөөк убакыт бериш керек деп айта алышат. Менин оюмча, Коопсуздук Кенеш жаңы санкцияларды кароону болтурбоо үчүн Иран бул макулдашууга барды.

МАГАТЭнин башкаруучулар кеңеши Ирандын ядролук программасын сентябрь айында талкуулайт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG