Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

КАРАКЕЧЕ КӨМҮР КЕНИ ДАГЫ ДЕЛЕ ТАЛАШТА


23-августта Каракече көмүр кенинде болгон окуя боюнча прокуратура иликтөө жүргүзүп жатат. Жумгал районунун Башкууганды айлынын тургуну Сапарбек Бактыбеков өзүн Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев баш болгон жоон топ киши опузалап, машинасына карата ок аткылагандыгы тууралуу арыз менен Жумгал райондук прокуратурасына кайрылган. Учурда Каракече көмүр кени милиция кызматкерлери тарабынан кайтарууга алынды.

Жумгал райондук прокуратурасына Башкууганды айлынын тургуну Сапарбек Бактыбеков арыз менен кайрылып, 23-август күнү өзүн ЖК депутаты, “Бешсары” фирмасынын башчысы Камчыбек Жолдошбаев күч колдонуп, уруп-сабаганын билдирген. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Медина Султаналиеванын “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча арыз 27-августта берилген. Анын айтуусунда бул окуя боюнча облустук прокуратура иликтөө жүргүзүүдө. Ал эми Жумгал РИИБнүн башчысы Ороз Молдосариев арыз берүүчү ок менен ким аткандыгын так айта албай жаткандыгын маалымат каражаттарына билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин парламенттеги жардамчысы депутат ушул тапта да көмүр кенинде жүргөндүгүн гана кабарлады.

Каракече көмүр кенин бир нече ишканалар иштетери белгилүү. Алардын бири “Акулак” көмүр казуучу ишкананын жетекчиси Тилек Сабыров Сапарбек Бактыбековго карата кендин кароолчулары мыйзамдын чегинде аракет жасашкан дейт:

-Каракече менчик ишкана. Ошондуктан, ал жерде ички иштер бөлүмүнүн куралчан кароолчулары турушат. Бактыбеков деген көмүр жүктөп алып, чыгып бараткан жеринен кароолчулар токтотсо, токтобой тосмону бузуп качып кетиптир. Анан машинанын дөңгөлөгүнө ок атышкан.

Каракече көмүр кенине март ыңкылабынан кийин мурдагы оппозиционер, “Жоомарт” кыймылынын жетекчиси Нурлан Мотуев эки жылга жакын ээлик кылып келген. Жакында өткөргөн маалымат жыйынында ал өзүн “Каракече” акционердик коомунун мүдүрлөр кеңешине жетекчи болуп дайындалганын билдирип, “Акулак” жана “Бешсары” көмүр казуучу ишканалар кенди өз кызыкчылыктарына пайдаланып жатышат деп айтыптаган:

-Каракечедеги абал, акыбал бүгүнкү күндө абдан начар.Казуу жок. Көмүр жок. Анан ал жердеги фирмалар иштебесе. Көбүнчө акчалардын баарын жеп атышса, уурдап атышса. Каракече Жолдошбаев менен Сабыров үчүн жөн эле «куурчак». Эптеп мамлекетти алдап 50 млн. 60 млн. сомду жыл сайын алмай. Алып алышып, акырын ал акчаларды жеп коюшат.

Нурлан Мотуев өткөн жылы 23-майда Ички иштер кызматы тарабынан кармалып ага бирөөнүн мүлкүн тартып алууга, мыйзамсыз курал алып жүрүүгө жана ири өлчөмдөгү каражат уурдоого байланышкан беренелер боюнча кылмыш иши козголуп, 20 томдук иш ачылган. Ага карата коюлган кылмыш иши боюнча коюлган бир катар айыптарды Бишкектин биринчи май райондук соту тийиштүү далилдер жоктугунан аныктабагандыгын, аны тил кат менен убактылуу кармоочу жайдан бошотконун, сот бул ишти “чийки”, деп толук иликтеп чыгууну Ички иштер министрлигине кайра тергөөгө жиберген. Нурлан Мотуев Балыкчы шайлоо аймагынан парламенттин депутаттыгына ат салышууга даярданып жаткандыгын бир жума мурда билдирген.

Тилек Сабыров дал ушул Мотуевдин тушунда кен таламайга түшүп, жергиликтүү эл туш-тараптан алууга көнүп калгандыктан, бүгүнкүдөй окуялар болуп жатат дейт.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча учурда Каракече көмүр кенин милиция кызматкерлеринин кайтарып жатышат. Ошондой эле аймактагы жалпы кырдаал да көзөмөлгө алынган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG