Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:54

КУРУК ШАҢДА КУДУРЕТ БОЛБОЙТ


«Белый пароход»

Гезит орус тилинде «имитация» деген сөз барын, ал-оңдоп-түзөө, эскини жаңыга алмаштыргандай түр көрсөтүү дегенди түшүндүрөрүн, акыркы жылдары бийлик да өз элин ушинтип «имитациялай» баштаганын, бирдеме болсо эле эл-жер жөнүндө баш катырып, бардыгын эл үчүн жасап, демократиялуу, калыс, гүлдөгөн өлкөнү куруп аткандай түр көрсөтүүгө өтүп алганын, анын көп мисалынын бир мисалы катары ШКУ саммитин келтирүүгө болорун белгилеп, «чын эле бул саммитте эмнелер жасалды?» деп суроо коюп, андай деле «табакты аш, төшөктү бөз» кыла турган эчнерсе жасалган жок деп сөзүн улантты. Болгону борбордук көчөлөрдү душман көзүнө аластап чыгышты, өзүлөрүнүн эмес, эл чөнтөгүнүн эсебинен. Ал эми баягы көңтөрүлгөн көчөлөр менен аңтарылган таштандылар ошол бойдон кала берди. Бийлик билигин жаккан маалымат каражаттары болсо Курманбек Салиевичтин шаардын бир-эки жерин жөө кыдырып койгонун канча күн бою жөө жомокко айлантып турушту. Чын-чынына келгенде Кыргызстандын борбору болгон Бишкек шаары көңдөй имитацияга эмес, 99 пайыз мамлекеттик реалдуу камкордукка муктаж… ал эми тамчы таза сууга зар болуп, жылыга көзү да, өзү да, сөзү да тешилип, Акүйдү акшыйып тиктеп олтурган айыл-кыштактарды мындай- ак коелу деп жазып чыкты, «А королубуз болсо жылаңач» деген макаласында. Анча-мынча ийгиликтин оту жылт этсе эле, карагыла калайык, аны биз жасап жатабыз деп шаңданганга көнүп бараткан бийлик канчалык кан какшабасын кулпунун баары кумга катылган. Бир эле толкун каптаса кумдун алдынан курук супура гана чыгат. Бүгүнкү күндө президентте да, премьер-министрде да социалдык-экономикалык программа жок. Ошондуктан биз ширин тил менен айтылган кымбат убадалар аркылуу башыбызга жаңгак чаккан сөздөрдөн сак болгонубуз оң. Адатта мындай таттуу убадалар бийлик эмне десе эле баарына баш ийкеп макул боло берген ишенчээк, өз турмушун өзү жөндөй албаган макулмат кишилер үчүн атайлап жасалат. Баарынан коркунучтуусу ушунда. Ошондуктан атка минерлердин ар бир айткан сөзү иш жүзүндө аткарылып жатабы, жокпу, ар кимибиздин көз алдыбызда болушу керек. Ошондо гана биз акыл-эси, ниети таза бийликке ээ боло алабыз.

«Аргументы и факты в Кыргызстане»

Ошентип 20-30 пайызга дейре көкөлөп кеткен нандын баасынын төмөн түшөйүн деген нээти жоктугун, Бишкек мэриясына караштуу кардарлардын укугун коргоочу мамлекеттик инспекцияга шаардыктардан күн сайын 50-60тан арыз түшүп атканын, нан жасап саткандар эми мурдагы 450 граммдык нанды 50-100 граммга кемитип, 350-400 граммдан чыгара баштаганын, баарынан улук делген нандын баасы асмандап кеткен бойдон жерге түшпөй жатканын жазды «Аргументы и факты в Кыргызстане» гезити.

Гезит ошондой эле Бишкекте жалаң автоунаа менен жүргөн студенттер 16, маршруткада жүргөндөр 55, троллейбуста жүргөндөр 25, жөө жүргөндөр 6 пайызды түзөрүн кабарлап, эң эле кымбат деп эсептелген «Лексус», кымбат «Тойото» менен «Ниссан» жана жиптин ар кандай түрүн минген жогорку окуу жайларынын эң алдында- Борбор Азиядагы Америка Университети экенин, андан кийинки орунда Орус-Славян Университети менен Кыргыз Улуттук Университети турарын маалымдады.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG