Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

ЭМНЕ ҮЧҮН МАМЛЕКЕТ БОРБОРУН ОШКО КОТОРУУ КЕРЕК?


Жогорку Кеңештин депутаты Мурат Жураев Ош облусуна тактап айтканда Ош шаарына Кыргызстандын баш калаасын көчүрүү демилгесин көтөрүп жатат. Бул боюнча депутат Мурат Жураев таңкы “Азаттыкка” маек куруп берген.

- Сиз баш калааны Бишкектен Ошко көчүрүү демилесин көтөрүп жатасыз. Бул сунушуңузду эмне менен негиздейсиз?

- Биринчиден, бул сунушуту көтөрүүдөн мурда мен көп депутат менен сүйлөштүм. Депутаттардын бардыгы макул болуп жатышат. Бул жерде түштүк жергесинин депутаттары эмес, түндүк элинин депутаттары дагы макулдугун берген. Проблеманы мен эмес менден мурда он беш жылдан бери бул маселени көтөрүп жатат. Дүйнө боюнча мындай борборлорду башка жакка көчүрүү бизде эмес, бул Турцияда да болгон. Стамбулдан Анкарага которгон. Өзүбүздүн кошуна Казакстан дагы Алматыдан Астанага көчүрүлдү. Көп жерде Орусияда, Индияда болуп жатат мындай көрүнүштөр. Өзүнүн мамлекетинин биримдигин жоготпойлу деп ушундай кадамга барып жатышат. Ошондуктан Бишкекти Ош шаарына которуунун 2-3 маселеси бар. Биринчиси, Баткен облусунда чек ара маселеси өтө курчуп кетти. Мына бүгүнкү күндө мен 2-3 жолу барып келдим. Лейлек районунда 680 гектар жок. Биз айтабыз бул талаш жер деп. Менин билишимче, бул талаш жер эмес. Жакында ошол жерде курулуш иши башталды. Ошол эле Баткен облусунда 1200 гектар жерди азыркы күндө тажиктер ээлеп турат. Ошол жерлерге үйлөр курула баштады. Биздин жарандар үйлөрүн сатып кетип жатышат. Бул проблеманы тез арада чечиш керек.

- Кечиресиз, сөзүңүзгө аралжы, кыскача айтканда бул маселени Кыргызстандын территориясынын бүтүндүгүн сактап калуу үчүн көтөрүп жатасызбы?

- Биринчиси ошол. Экинчи проблема биздин азыркы учурда көп жерлерде баңги заттары күчүнө кирди. Азыркы күндө банги заттар менен Орусияда, Казакстанда колго түшкөндөрдүн негизги бөлүгүн биздин Кыргызстандын жарандары түзөт. Ошон үчүн мен ойлонуп жатам, биздин түштүк чек араны тозбосок, баңги заттын зыяндуулугу Орусияга эмес биринчи кезекте өзүбүздүн Кыргызстанга келтирет. Ошон үчүн борборду Ош шаарына которгондон кийин биринчи кезекте бүтүндөй күч структураларды түштүк регионго көчүрүш керек. Коопсуздук кызматын, ички иштер министрлигин, бангизаттар боюнча агенттигин биринчи кезекте түштүк жергесине көчүрүш керек. Эми муну президент өзүнүн указы менен бир күнгө көчүрүүгө болбойт. Аны 3-4 жылга программаны түзүп, биринчи жылдары күч структурасын,экинчи жылдары парламентти, үч-төрт жылдан кийин президент өзү дагы түштүк жергесине көчүп барса деп ойлоп жатам.

- Бул сунушуңузду калк арасында колдоо табат деп ойлойсузбу? Бул түндүк-түштүк масeлесин күчөтпөйбү?

- Муну Чүй, Бишкек дагы колдойт. Бишкек Алматы катары маданият борбору болуп калышы керек. Менин сунушум боюнча бир гана күч структурасы, парламент жана президент көчүш керек.

- Кыргызстандын экономикасы тышкы карыздардан кутула албай жаткан маалда бул көчүрүүнү көтөрө алабы?

- Бизде быйыл жарым жылдыкта кошумча 2,5 миллиард акча кошулду. Кышка жакын дагы 2 миллиарддан ашык акча кошулат. Экономикабыз начар деп айта албайм. Жакшы темпте баратат. Ошондуктан бул маселени мен ойлоп жатам, президент колдойт. Бизде мүмкүнчүлүк бар.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG