Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

АБДУЛЛАХ ГҮЛДҮН АЛДЫНДА ДАЛАЙ ТАР КЕЧҮҮ, ТАЙГАК АШУУЛАР ТУРАТ


Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүлдүн кечөө өлкөнүн 11- президенти болуп шайлануусу дүйнөлүк масштабтагы резонансты пайда кылды.

Түркиянын парламентинин өткөрүлгөн жалпы олтурумуна 448 депутат катышып, Ак Партиянын талапкери ТИМ Абдуллах Гүл 339 депутаттын колдоосу аркылуу өлкөсүнүн 11- президенти болду.

“Мамлекет башкысы катары, өлкөнүн бар болушу жана карандысыздыгын, мекендин бөлүнгүс бирдиктүүлүгүн, элдин кыйшаюсуз жана шартсыз эгемендүүлүгүн коргой турганыма, башкы мыйзамга, укуктун үстөмдүүлүгүнө, демократияга, Ататүрктүн идеал жана осуяттарына, жана лаик жумуруят принцибине, элдин бакубат турмушу, улуттук ынтымактуулук жана адилеттүүлүк түшүнүгүнүн чегинде ар бир жарандын адам укуктарынан жана баштапкы эркиндиктерден тең пайдалануу принцибинен тайбай турганыма….. мен өзүмө алып жаткан озуйпаны бейтараптуу аткарыш үчүн колдон келгендин бардыгын жасаарыма, улуу Түрк калкынын жана тарыхтын алдында намысым жана абройум менен ант ичем”,- деген сөздөрү менен Абдуллах Гүлдүн саясий турмушундагы алыска созулган бир марафонго чекит коюлган менен анын алдында али далай тар кечүү, тайгак ашуулар турганы калетсиз.

Айрым серепчилер, кечөө парламентте өткөрүлгөн ант берүү каадасына генералитеттин катышпай коюусун бул чындыктын алгачкы жышаанасы катары жорушууда. Кечөөкү парламенттин олтурумуна бойкот жасаган жана динчил традициядан келгендиги себептүү Абдуллах Гүлдүн талапкердигине караманча каршы болуп келген оппозициядагы Жумуруят Калк Партиясынын (CHP) төрагасынын орунбасары Онур Өймен мырза Абдуллах Гулдун президенттик кызмат мөөнөтү анын тышкы иштер министр кызматына окшобосо экен деген үмүтүн билдирди.

“Урматтуу Гүл мырза кийинки аралыкта четин чыгарып келаткандай, өзүн алмаштыра турган болсо бир жөн; анда биз дагы ага карата мамилебизди кайра карап чыгабыз. Бирок, ушу таптагы бардык жышааналардан алып караганда, урматтуу Гүлдүн президенттиги доорунда Түркиянын тепкич тепкич мунайым ислам жумуруятына айлана турганы даана сезилип олтурат” ,- деди Онур Өймен.

Ал эми оппозициядагы экинчи партия Улутчул Аракет Партиясы МХП-нин лидери Девлет Бахчели Абдуллах Гүлдүн ажолукка шайлануусун “Кудайым куттуу жана кайырдуу кылсын” деп оң кабыл алса, күрд жарандардын Партиясы ДТП-нын лидери Ахмет Түрк : “Демократиялуулук, эркиндиктер жана демократиялуу бир коомду түптөөдө анын 72 миллион элдин бардыгына өкүлчүлүк кыла турган бир мамиледе болушун каалайбыз. Каиырдуу болсун”,- деди.

АКШ-нын президенти Жорж Буш телефон аркылуу Абдуллах Гүлдү куттуктап, АКШ-нын шериктеш Түркия менен тыкыс мамилелерин сактап калууга куштарлыгын кайра бекемдеди. Еврокомиссия Гул мырзага куттуктоо жолдоп, бул окуя Түркия менен ЕБ-тин мамилелерине жаңыча дем бере аларын билдирди. Германиянын Президенти Хорст Көхлер, канцлер Ангела Меркел, Италянын президенти Романо Проди, Грекиянын жетекчиси Костас Караманлис жана дүйнө жүзүндөгү көптөгөн лидерлер Гүлгө куттуктоо жолдошту.

XS
SM
MD
LG