Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:42

БАТКЕН ОКУЯСЫ КАЙТАЛАНЫШЫ МҮМКҮНБҮ?


Кыргызстан,Тажикстан жана Өзбекстандын чектешкен жеринде орун алган Баткен облусунун аймагына мындан сегиз жыл илгери, диний көз караштагы экстремисттик уюмдардын куралдуу тобунун кол салуусу болуп, элди катуу дүрбөлөңгө түшүргөн болчу. Ошол окуядан жыл узабай Баткен аймагына 700гө чукул куралдуу согушчандар экинчи ирет кол салышкан. Анда 30 кыргыз аскери курман болуп, 23 жаракат алышкан жана бирөөсү дарексиз жоголгон. Ошондон кийин Баткен облусу түзүлүп, ага аскер бөлүктөрү топтолуп, аймактын чекаралары кыйла көзөмөлгө алынып калган. Ал эми өткөн 2006-жылдын май айындагы окуя болсо Кыргызстандын аймагы дале туруктуу коргоого алына электигин айгинеледи. Коомчулукта Баткенди толугу менен аскерлештирүү, чек араларды тактоону тездетүү жана Орусия аскер базасын келтирүү керектиги айтылууда.

Баткен облусунун аймагында мыйзамсыз миграцияларга жол берип жаткан, кошуна өлкөлөр менен болгон чек аралардын тактала электиги, Фергана өрөөнүнүн элдеринин динге катуу берилгендиги жана түндүк Тажикстандын аймагында куралдуу экстремисттик маанайдагы уюм бар деген маалымат толугу менен террористтик топтун кайрадан Баткенге кирип келүү коркунучу бар экенин билдирет. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы Жеңиш Раззаков айтып берди.

- Баткен облусунун аймагында 1999-2000-жылдагы коогалаңы жана 2006-жылдын 12- майында болгон окуя кайталанышы мүмкүн. Буга себеп биринчи, Баткен облусунун аймагында чектеш Тажикстан жана Өзбекстан республикалары менен делимитация иштери боло элек жерлер көп. Экинчиси, Баткен облусунун аймагында Тажик жана Өзбек Республикаларынын анклавтары бар. Бул эки фактор мыйзамсыз миграциянын көптүгүнө жол берет. Үчүнчүсү, чектеш Тажик жана Өзбек Республикаларынын аймагында коомдук саясий кырдаалдын оордугу, чек арада жашаган элдердин динге катуу кирип кеткендиги себеп. Төртүнчүсү, чектеш Тажикстан мамлекетинин Сохди облусунун Исфана айыл аймагында куралчан террористтик уюмдун мүчөлөрү бар деген маалыматтар бар,- деди облустук ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы Жеңиш Раззаков.

Кыргыз армиясынын өлкөнү коргоого толук кудурети жетпейт. Ошондуктан Баткенге башка өлкөнүн, тагыраак айтканда, орус аскер базасын киргизүү зарыл нерсе. А бул болсо капыстан чек араны бузган куралдуу топторго тез сокку берип жана облустун аймагындагы мыйзамсыз баңгизат менен курал сатууга тыюу салат эле деген пикирин жергиликтуу бийлик өкүлү Болот Калыбаев билдирди.

- Азыркы мезгилде Баткен облусуна аскердик күчтөр керек. Кыргызстандын өзүнүн күчтөрү аз. Техникасы аз болгондуктан чет өлкөдөн айрыкча Орусиядан келген базалар болсо жакшы болмок. Буга себеп, былтыр 12-майда кирип келген террористтер болду. Бир эле Баткен облусун ойлобой, чек араны толук ойлош керек. Өзүбүздүн анклавтарыбыз бар,- дейт Болот Калыбаев.

Ошол эле учурда Баткен аймагын аскер гарнизонуна айлантыштын кажети жок дегендер да бар. Облустук «Баткен таңы» гезитинин серепчиси Бегали Рыспаевдин айтымында, бүгүнкү күндө кыргыз армиясын техникалык жактан гана көмөк көрсөтүп, кайрадан чек арадагы элдин каттамын жөнөкөйлөтүүгө барышыбыз керек. Антпесек болбогон түшүнбөстүктөн кошуна өлкө менен чыр чыгышы мүмкүн.

- Бул жердеги эң курч маселе бул бажы жолун тосуп алып, чек арачыларды коюп алып, элдин ортосундагы байланышты курчутуп, терс жакка бура бербей тескерисинче эл менен элди байланыштырып, мыйзамдуу жол менен чек арадан илгертен катташып келген адамдар өтүп туруш керек деп эсептейм. Антпесе, эки элдин ортосунда арзыбаган нерседен чыр-чатак чыгып кетиши мүмкүн,- дейт Бегали Рыспаев.

Чек аралардын коопсуздук абалын көтөрүүгө АКШ да кызыкдар. Бул туурасында үстүбүздөгү жылдын июнь айында Баткендеги иш сапарында АКШ элчиси Мари Йованович «Азаттыкка» билдирген болчу.

- АКШ өкмөтү чек ара кызматына да чон жардам көрсөтүп келет. Алардын ичинен Баткен облусундагы чек ара бөлүктөрүнө барып, өткөн жылдын 12- майындагы окуядан кийин АКШ тарабынан берилген байланыш жабдыктары кандай колдонулуп жатканын көрүп келдим. Чек аралардын коопсуздугу, бул ар бир мамлекеттин эгемендүүлүгүнө жана мамлекеттик коопсуздугуна өзүнүн аябай чон таасирин тийгизе турган нерсе. Бул чөйрөдө биз кыргыз өкмөтүнө жардам берүү мүмкүнчүлүгүбүз бар экенине аябай кубанычтабыз,- деди АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович.

Учурда өлкөдө коргоо тармагында бир топ реформалар жүргүзүлүп жатат. Алардын ичинен айрыкча аба коргонуу, аскердик инженерия жана тоолуу аймактардагы өзгөчө аскер бөлүкчөлөрүн түзүү. Бул туурасында «Азаттыкка» КР коргоо министри Исмаил Исаков билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG