Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫК КАНДАЙ?


Жалпы орто билим берүүчү мектептерде жаңы окуу жылына окуучуларды кабыл алууга камылга кандай? “Азаттыктын” суроолоруна Билим берүү министрлигинин департамент башчысы Марат Үсөналиев жооп берген.

- Быйылкы окуу жылында мектептерде канча бала окуйт?

- Быйылкы жаңы окуу жылында жалпы саны 1 миллион 132 миңден ашык окуучу барат. Мындан тышкары 1-класска 96 миң окуучуну кабыл алабыз. Быйылкы окуу жылында 2111 мектеп балдарды кабыл алат.

- Мектептер ремонттон өткөрүлүп, окуу куралдары кандай камсыз болду. Бул маселе чечилдиби?

- Ремонт боюнча быйыл мамлекеттик казынадан 90 миллион каражат бөлүнгөн. Бул эсеп боюнча бир окуучуга 86 сомдон айланат. Жалпы региондорду карап чыктык. Мектептердин бардыгы тең ремонттон өткөн. Бардыгы бүгүнкү күнгө даяр. Китеп маселеси боюнча эки жылдан бери мамлекеттен каражат бөлүнүп жатат. Мунун негизинде ата-энелерден ремонтко тыйын чогултмай калган. Быйыл дагы 80 миллион каражат акча китепке бөлүнгөн. Буга дагы китеп чыгарып жатабыз. Жыйырма наамдагы китеп орус тилинде жана кыргыз тилинде да чыгат. Жалпы нускасы 811 миң басма табак чыгат. Жалпы эле мамлекет боюнча биз мектептерди окуу китептер менен 85 пайызга камсыз кылып жатабыз. Эки жылдан бери китеп чыгаруу менен алекпиз. Анын ичинен мурунку китептер да эски болуп жатат. Эми мунун ичинен тажик тилинде окуп жатышат. Аларды 90 пайызга камсыз кылдык. Өзбек тилинде окуп жаткан мектептерди да камсыз кылып жатабыз. Жыл сайын каражат бөлүнсө, 2010-жылга чейин биз ойлойбуз 95 пайызга чыгабыз деп. Себеби, ар бир китеп эки жылдан кийин ремонттон өтүш керек. 4-5 жылдан кийин кайра басылып чыгыш керек.

- Демек, балдар окуу куралдарынын көбүнчөсүн быйыл мектептин китепканаларынан алышат экен да?

- Кудай буюрса, быйыл китепканадан ала алышат. Мындан тышкары Дүйнөлүк банк менен биримдикте иштедик. “Айыл мектеби” деген долбоор боюнча бүгүнкү күнгө 4 миллион доллардан ашык акча жана жабдуулар менен камсыз кылдык. Тарых, биология сабактарына колдонулуучу көрсөтмө куралдар алыскы аймактарга жеткирилип жатат.

- Мектептерди компьютер менен камсыз кылуу, информатика сабагын өтүү жагдайы чечилдиби?

- Компьютер маселеси кыйыныраак болчу. Бүгүнкү күнгө мамлекет казынадан 90 миллион каражат бөлдү. Министрлик тендер жарыялаган, 2006-жылы бир компьютер 78 балага бөлүнсө, быйыл бир компьютер 52 балага бөлүнөт.

90 миллион каражат акчадан 500 мектепке компьютер жеткиребиз. 700 мектеп кампьютер менен камсыз болуш керек эле. Быйыл анын 500 мектебин камсыз кылсак, 200 мектепке компьютер жетпей калат.

- Ал эми балдарды ысык тамак менен камсыз кылуу, буфеттерди ачуу, аларды санитардык кароодон өткөрүү маселеси кандайча чечилди?

- 20-августтан баштап ар бир облус менен кеңешме өткөрдүк. Августтук коллегияга келип жатышат. Ага губернаторлор, акимдер катышып жатат. Бул президенттин 1-класстан 4-класска чейин тамак берүү буйругу болчу. Бүгүнкү күнгө ар бир губернатор баш болуп жардам көрсөтүп жатышат. Мисалы, Ысыккөлдүн губернатору Исаев 300 муздаткыч алып бериптир, андан тышкары газ плиталарын алып берип жатат. Чүй облусунун губернатору, акимдери ашпозчулардын айлык акысын чечип жатат. Кээ бир мектептерде ашканасы жок болсо класстардын, кабинеттердин ичинен тамак берилет. Тамак-аш менен быйыл да камсыз болот. Бул жакшы салт болду мамлекеттин жардам берип жатканы.
XS
SM
MD
LG