Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

КЕСИПЧИЛИК-ТЕХНИКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ КӨҢҮЛ БУРУЛАТ


Эгемендүүлүктүн 16 жылынан бери өлкөдөгү кесипчилик-техникалык билим берүү тармагына ат үстүнөн мамиле кылынып, айрым окуу жайлардын мүлктөрү менчиктештирилип кеткен. Кесипчилик-техникалык окуу жайын бүтүргөн адистер чет мамлекеттерге кетип, өлкөдө ортоңку звеного адистер таңсык боло баштады. Себеби Камбарата-1, Камбарата-2 ГЭСтеринин курулушуна, Ташкөмүрдөгү жана башка аймактардагы заводдорго адистерди даярдоо милдети турат.

Учурда кесипчилик-техникалык билим берүү өлкөдө коомдук өнүгүүнүн көрсөткүчтөрүнүн маанилүү багыттарынын бири бойдон калууда. Кесипчилик-техникалык билим берүүгө карата көз-караштар, мамилелер түп-тармырынан бери өзгөрүүдө. Мындай көңүл бөлүүнүн себеби учурда коомдук турмуш- тиричилик техникалык адистерге муктаж болуп жатышы.

Бишкек шаарынын мэри Арстанбек Ногоевдин айтымында дасыккан техникалык адистер чет өлкөлөргө кетип калышкан.

-Учурда жумушчу адистерден куруучулар, токарлар, ширетүүчүлөр, экскваторчулар, гипсокартону менен иштөөчүлөр, гүл өстүрүүчүлөр, багбандар, сугатчы, мургабдар, тейлөө кызматында иштегендер, тиричилик- техникаларын оңдоочулар жана фермерлер, мал догдурлар жетишпейт. Ошондуктан кесипчилик- техникалык окуу жайларына көңүл бурууга аргасыз болуудабыз.

Айрым фирма, ишканалар техникалык адистерди даярдап берүү үчүн кесипчилик-техникалык окуу жайларга инвестиция берүүгө даяр.

Кыргызстанда илгертен бери салттуу келаткан кесипчилик-техникалык билим берүүнүн өнүккөн системасы бар. Бирок эгемендүүлүк жылдарында айрым ПТУлардын базалары, техника- жабдуулары таланып- тонолуп, менчиктештирилип кеткен.
Учурда өлкөдө 180ге жакын кесипчилик-техникалык окуу жайы сакталып, бул тармак дагы реформалоого муктаж болуп турат. Өлкөнүн кесипчилик-техникалык билим берүү агентигинин жетекчиси Нурлан Аскаровдун пикиринде ишкерликти, экономиканы өнүктүрүүдө ортоңку звенодогу жумушчу адистерин даярдоодо ПТУ орчундуу жүк көтөрүп турат.

-Жаштарды базар экономикасынын жана демократиянын шартында турмушка жана ишкердүүлүккө даярдоодо ПТУнун ролу зор. Алардын жемиштүү иштөөгө мүмкүнчүлүктөрүн жана умтулууларын, жаңы инфраструктураны кабыл алууга жана өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүктөрүн ачып бере алат.

Заманбап педагогика тарабынан иштелип чыккан формулага ылайык кесипчилик- техникалык билим берүү тармагы окутуп, иштегенге жана акча тапканга үйрөтүшү зарыл.


Жашында Кочкордогу 15-кесипчилик-техникалык окуу жайдан алган билими учурда дагы баалуу, керектүү экенин жеке ишкер, журналист Темирбек Алымбеков белгилеп, ПТУга көңүл буруунун зарылдыгын айтты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG