Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:47

БУШ ИРАНДЫ ИРАКТАГЫ “ЗОМБУЛУК АРАКЕТТЕРИН” ТОКТОТУУГА ҮНДӨДҮ


Кошмо Штаттары менен Иран ортосундагы тирешүү дагы күчөдү. 28-августта президент Жорж Буш Иранды Ирактагы “зөөкүр аракеттерин” токтотууга үндөдү. Анын алдында Багдадда америкалык аскерлер ирандык делегацияны кармап, көп узабай кое беришкен. Бир нече күн мурун болсо Иран президенти Махмуд Ахмадинежад АКШнын Ирактагы саясий таасири төмөндөп баратканын айтып, Тегеран боштукту толтурууга жардамдашкысы келет деп билдирген.

Буш Невадада согуш ардагерлери менен жолугушуп жатып, Иран тараптан Иракты дестабилдештирүү аракеттери байкалса, америкалык аскерлерге туруштук берүүгө уруксат этилгенин билдирди.

Президент Иранды терроризмди колдогон эң ири мамлекет катары сыпаттап, Ирактагы зомбулуктун артында дал ошол өлкө турат деп кайталады:

-Ирандын колдоосуна таянган шийи экстремисттери ирактыктарды биздин күчтөргө, Ирак элине кол салууга машыктырып жатышат. Ирандын Революциялык сакчылар корпусунун Кудс бөлүгү экстремист топторун акча каражат жана заманбап курал-жарак менен камсыздашууда. Хезбаллланын көмөгү менен Ирактын ичиндеги залим күчтөрдү машыктырып жүрүшөт.

Анын алдында эле Багдаддагы америкалык аскерлер Иран делегациясынын 7 мүчөсүн кармап, белгисиз жерге алып кетишкен.

Кабарларга караганда алар 29-августта эртең менен бошотулду. Айрым булактар ирандыктар электр станциясы боюнча сүйлөшүүлөргө келген Ирандын энергертика министрлигинин өкүлдөрү болчу деп маалымдашууда.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Том Кейси Тегеран Иракта позитивдүү роль ойнойт деген үмүт бар дейт:

-Өзүңүздөр билгендей, Ирандын расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда сүйлөшүү өткөрдүк. АКШ элчиси Крокер менен Ирактагы кесиптеши ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн тышкары коңшулар конференциясына катышкан делегациялар өз ара жолугушту. Биздин оюбузча, өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салууда Ирактын бардык коңшулары позитивдүү роль ойношу керек. Ал үчүн бош сөздөр эмес, Ирак элине, Ирак өкмөтүнө стабилдүүлүккө, коопсуздукка жетүү үчүн жардам берүү багтытында реалдуу кадамдар жасалууга тийиш.

Бул аралыкта Иран президенти Ахмадинежад анын өлкөсү Ирактын келечегине көбүрөөк таасир эткиси келет деп ачык билдирди.

Анын ырастоосунда, АКШнын Ирактагы саясий кубаты “жокко чыгып” баратат, өлкөдө жакында бийлик боштугу пайда болот. Иран санаалаштары Сауди арабия жана башка кошуналары менен бирге, Ирак элинини жардамы менен “ошол боштукту толтурууга даяр”, -деди Ахмадинежад.

Ал Сауди Арабияны бекер жеринен бөлүп көргөзгөн жок. Себеби Ирандан аыйрмаланып, падышалык суни мамлекети.

XS
SM
MD
LG