Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:53

БРИТАН АСКЕРЛЕРИ БАСРАДАН ЧЫКСА, БИЙЛИК ҮЧҮН СОГУШ БАШТАЛАТ


Ирактын Кербала шаарында жоолашкан шиит согушчандары менен полиция ортосунда чыккан айкашта 50 чакты кишинин каны төгүлдү. Калабаны басуу үчүн Кербалада чукул кырдаал абалы жарыяланып, зияратчылардын шаарга кирүүсү чектелди. Айкаш британ аскерлери түштүктөгү Басра шаарын калтырып кеткени жаткандыктан, алар чыгып кеткенден кийин, шиит топтору ортосундагы бийлик үчүн күрөш дагы курчуйт сыяктанат.

Ирактын шиит топтору арасындагы кагылышуулар өлкө түштүгүндөгү согуштун жаңы айлампасынын башталышы болушу мүмкүн. Британия 31- август күнү Басрадан 500 жоокерин чыгарып, аларды шаардын сыртына жайгаштырмак болууда.

Мустафа Алани Дубайдагы Перс булуңундагы кырдаалды изилдөө борборунун коопсуздук жана террорчулукту иликтөө долбоорунун башчысы. Ал британ аскерлерисиз Басрадагы кырдаал дагы осолдойт деп чочуйт:

-Арийне, британдардын чыгып кетүүсү кризисти дагы тереңдетип, башаламандык күчөйт. Себеби, согушчандар британ аскерлери калтырган боштукту ээлөө үчүн согушат. Учурда Басра жана бүтүндөй Ирактын түштүгү Иран дагы башка өлкөлөр колдогон кылмышкер топтор менен саясый күчтөрдүн көзөмөлү астында.

Басра- Ирактын мунай экспорттоочу жолундагы негизги шаар. Шаарда куралдуу кылмыш топтору өтө күчтүү. Жергиликтүү бийликтердин маалымдашынча, акыркы эки жылда Басрада 5 миңде адам киши колдуу болуп өлгөн. Провинцияда өлкөнүн мунай корунун 70 процентке жакыны жайгашкан. Мунай Ирак өкмөтүнүн кирешесинин дээрлик 90 процентин берет. АКШ башындагы коалициялык күчтөргө азык- түлүк, жарак жасак да Басра аркылуу келет. Анткен менен, Мустафа Алани баамдагандай, провинцияда Ирак өкмөтүнүн таасири жок:

-Атүгүл Ирак өкмөтү байтак шаар Багдадды да контролдобойт. Өкмөт ордо шаардагы “Жашыл тилкенин” да аз эле бөлүгүн контролдойт. Ошон үчүн, азыркы алсыз өкмөттүн Багдаддан 400 чакырым түштүктөгү Басраны контролдой алары күмөндүү. Бул аймак Саддамдын режими кулагандан бери согушчандардын колунда. Бул өкмөт өлкө түштүгүндөгү мунай өндүрүшүн контролдомок түгүл, кара май өндүрүүнү камсыздоого жарабайт.

Яхья Саид Лондондогу Британия экономикалык университетинин изилдөөчүсү. Ал Иракты бир нече ирет кыдырган. Саид Британ аскерлеринин Басрадан чыгып кетүүсү шаарда тынчтыктын орношуна өбөлгө түзүшү мүмкүн дегени менен, козголоңчулар арасында уруш чыкпасына ишене бербейт:

-Жергиликтүү деңгээлдеги согушчандар бир мунасага келет деп айтууга олуттуу негиз жок. Эгерде Нажафта же Багдадда жетекчилер өз ара келишимге барса, аларга жакын согушчул топтор келишимдин шартын аткарбастан жергиликтүү бийлик үчүн күрөштү уланта бериши мүмкүн.

Британия Ирактын түштүгүндө 5 миң гана аскерин калтырмакчы. Бул Ирак согушун башындадан эки эсеге аз.

XS
SM
MD
LG