Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

КЕҢЕШБЕК ДҮЙШӨБАЕВ: АЗЫРКЫ КОНСТИТУЦИЯ ЭЛ КЫЗЫКЧЫЛЫГЫНА КЫЗМАТ КЫЛБАЙТ


“Акыйкат “ партиясынын төрагасы, мурдагы ички иштер министри Кеңешбек Дүйшөбаев өлкөнүн Конституциялык сотуна арыз берип, 2006-жылдын 8-ноябрында жана 30-декабрында Конституциянын кабыл алынган жаңы редакциясы жөнүндөгү мыйзам 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституцияга карама-каршы келет деп даттанды. Бул боюнча Кеңешбек Дүйшөбаев таңкы “Азаттык” менен ой бөлүшкөн.

- Эмне үчүн сиздин оюңузча жаңы кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясы жөнүндөгү мыйзам 1993-жылдагы Конституцияга карама-каршы келет?

- Азыр киргизилип жаткан өзгөрүүлөр биздин оюбузча мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, Жогорку Кеңеш жана президент тараптан өз ара бийлик талашуу боюнча келип чыккан чыр чатактын натыйжасы деп ойлойбуз. Ошондуктан биз ойлойбуз, мурунку Конституция мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына көбүрөөк жооп берчү, ал эми азыркы Конституция болсо ага жооп бербейт. Ошондуктан биз мамлекетте болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн баары тең Конституциянын негизинде болуш керек деп эсептейбиз. Ошол Конституциянын талаптары бузулду деп Конституциялык сотко кайрылдык.

- Сиз кезинде Аскар Акаевдин учурунда өкмөттө иштедиңиз эле. Бул маселени ошол кезде эмне үчүн көтөргөн жоксуз?

- Анткени, ошол жерде болуп жаткан мурунку 2005-жылдын март окуяларына чейинки Конституцияларга кирген өзгөрүүлөрдүн баары элдик референдум аркылуу кабыл алынган. Ошондуктан анда Конституциянын талаптары бузулбай элдин добушун, талабын эске алуу менен кабыл алынган. Азыр болсо жаңы киргизилген өгөртүүлөрдүн баары референдумга чыгарылбай, элдин талаптарын эске албай кабыл алынды.

- Сиз башкарган “Акыйкат” партиясы өлкөнүн кандай башкаруу системасын колдойт?

- Президенттик кызматка өзүбүздүн талапкерлигибизди койгондо, Жогорку Кеңештин депутаттыгына койгондо да өзүбүздүн ойлорубузду айтып келгенбиз. Албетте, азыркы мезгилде ар кандай ойлор бар. Парламенттик, парламенттик-президенттик, президенттик-парламенттик же болбосо президенттик деген. Эми азыркы өткөөл мезгилде парламенттик-президенттик башкаруу системасы биздин мамлекет үчүн туура келет деп ойлойт элек.

- Сиздин Конституциянын жаңы редакциясы боюнча берген арызыңыз каралып жатабы. Жакын арада каралышы мүмкүнбү?

- Биз май айында ушул багыттагы арыз менен кайрылганбыз. Биздин арызыбыз боюнча иш козголгон. Ал боюнча керек болгон материалдарды топтоо процесси жүрүп жатат. Мен жакында эле биздин арызды карап жаткан Светлана Сыдыкова деген Конституциялык соттун мүчөсү менен сүйлөштүм. Кудай буюрса, ушул сентябрь айында каралып калышы мүмкүн деген жоопту алдым. Андан тышкары биз арызды бергенден кийин бизден башка да бир топ атуулдар, саясий кыймылдар да кайрылышыптыр. Алардын арыздары да боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Буюрса жакынкы мезгилдерде каралат болуш керек.

- Сиздин партияңыз жана талапкерлериңиз премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги астында иштелип чыккан Конституция долбоорун колдойбу?

- Ал Конституцияны колдойбуз же колдобойбуз деп айтыштан мурда ал долбоор менен таанышыпа чыгуу керек. Азыркы мезгилде Атамбаев жана анын жактоочулары иштеп чыккан Конституцияны алардан башка ким билет? Элдик талкууга чыктыбы, коомчулуктун оюн билиштиби, ошону такташ керек. Өзүлөрү эле иштеп алып, Конституциялык сотко жиберип, элдин жалпы оюн укпай туруп, аны колдойбуз же колдобойбуз деп кантип айтабыз. Аны элдин талкуусуна чыгарсын. Анан биз оюбузду айтабыз.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG