Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

“КЫРГЫЗ КЕРЕМЕТИН” КАЙРАДАН КӨРӨ АЛАБЫЗБЫ?


Ысыккөлдө “Киностан” автордук кино фестивалы болуп жатат, ал эми келерки жумада Ысыккөлдө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрүнүн фестивалы өткөрүлгөнү турат. Кинорежиссер Темир Бирназаров кино жаатындагы жагдайлар менен таңкы “Азаттыктын” угармандарын тааныштырган.

- Бул фестивалга кайсы өлкөлөрдүн картиналары катышууда?

- Азыр Ысыккөлдө “Киностан” автордук кино фестивалы болуп жатат. Бул фестивалга Швейцариянын, Орусиянын, Франциянын, Тажикстандын кинорежиссерлору өзүлөрүнүн тасмаларын көргөзүп, катышып жатышат. 3-сентябрдан 9-сентябрга чейин ШКУнун рамкасында өтө турган фестиваль да болот. Фестиваль мамлекет тараптан уюшулуп жатат.

- Кыргыз кинорежиссерлору бул фестивалга кайсы картиналарды алып келишти?

- Кыргызстандан Талгат Асыранкуловдун “Бейиш кушу”, Марат Алыкуловдун, Улан Бекеновдун “Шаар” деген тасмасы жана өзүмдүн тарткан “Пар” деген тасмаларыбыз катышат. Ошондой эле Эрнест Абдыжапаровдун “Боз салкын” деген фильми да бар.

- Азыр өтүп жаткан кино фестиваль кыргыз кино өнөрүн жандантып, мурдагы бийик деңгээлге жетүүсүнө салым кошо алат деп ойлойсузбу?

- Албетте, кылып жаткан иш аракеттердин баары кино тармагын жандандыралы деген ой. Бул быйыл эле болуп жаткан фестиваль. Кийинки жылдары болбой да калышы мүмкүн. Дайыма ушундай иштер уюшулуп турса деген тилек бар. Баары эле акча, каражатка байланыштуу болуп жатпайбы.

- Массалык маалымат каражаттарында айтылып жаткан маалыматтар боюнча кино фестивалдардын өткөрүлүшу чет өлкөлүк өнөрпоздор менен таанышууга, кененирээк кызматташууга жол ачат деп айтылып жатат. Сиздер бул фестивалдын жүршүнөн кандайдыр бир кыргыз өнөрүнө пайда киргизүүчү орток пландарды түзө алдыңыздарбы?

- Эгер жакшы долбоор болсо, бул фестивалдан тышкары дүйнөдөгү фестивалдарга катышып, кинотасмаларды сатып, жаңы кинолорду тартып келсек да жакшы болмок. Мисалы, жакында “Парз” кинотасмасын Америка өлкөсү сатып алды. Мындан ары сатууну көздөп жатабыз. Албетте, бул эми ишке ашып кесе деген ойдобуз.

- Ырахмат маегиңизге.
XS
SM
MD
LG