Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:34

ОРУСИЯДА АТА-ЭНЕЛЕР БАЛДАРЫН МЕКТЕПКЕ ЖИБЕРГЕНДЕН КАБАТЫР


Орусияда 1-сентябрда мектептерде окуу башталат. Бул күнгө Москванын мектептеринде биринчи коңгуроого даярданышууда, бирок Беслан барымта кризисинин үчүнчү жылдыгына туура келген бул күнү айрым ата-энелер балдардан көңүлү тынбай калган.

Биринчи коңгуроонун алдында Хамеср Саркисян адаттагыдай эле уулунун кийимдерин жууп, рюкзагын тазалап, калем сап сатып, 1-сентябрга кызуу даярданат. Бирок быйыл ал мектепте кандай болуп кетет деп тынчсызданганын бизге мындайча билдирди:

Жаман бир нерсе болуп кетеби деп кабатырмын. Айрыкча, Бесландан кийин билбей калдым. Ар бир эне 1-сентябрда баласын мектепке алпаргандан тынчсызданат. Адатта бул күн майрам болчу, бирок биз азыр коркобуз. Мектепте кароолдо тартип коргоочу турат, ошого деле карабай, ал окуялардан кийин киши корко берет экен.

Түндүк Осетиядагы Беслан шаарындагы мектепте мындан 3 жыл мурда чечен сеператисттери 1 миңден ашык кишини 1-сентябрда барымтага алышкан эле. Үч күндөн кийин Орусиянын атайын күчтөрү имаратка чабуул жасаганда 330 киши каза болгон, курмандыктардын көбү жаш балдар эле.

Ошондон тартып Орусиянын мектептеринде коопсуздук чаралары кыйла күчөтүлдү. Москвадагы 175-мектептин завучу Татяна Станкевич коопсуздукка мектеп жетекчилиги өтө чоң маани берээрин бышыктады:

- Бизде күнү-түнү коопсуздук чаралары киргизилген. Коопсуздук экрандарынан мектепке ким кирип, ким чыкканын көрүп турабыз. Дарбаза автоматташтырылган, видео-телефон орнотулган. Бул чаралар Бесландан кийин киргизилди. Биз шаардын ортосунда болгондуктан, балдарды коргоо үчүн ушул чаралар керек болду.

Москвада 1-сентбяр Шаар күнүнө туура келет, быйыл Орусиянын баш калаасы 860-жылдыгын белгилейт. Ушуга байланыштуу шаар бийликтери полицияга көчөлөрдөн мыйзамсыз имигранттарды кармап, мекенине депортациялоого буйрук берген. Мындай мигранттардын көбү Борбор Азиядан жана Түштүк Кавказдан иш издеп келгендер экендиги маалым.

Бул чараларды укук коргоочулар сынга алышууда. Ал эми уулун мектепке даярдап жаткан Хамест Саркисян имигранттардан тазаланса эле, ал 25 жылдан бери жашаган шаар коопсуз болуп калат деп ишенбейт:

Бул мыйзамсыз мигранттар террордук чабуул даярдап жаткан башка москвалыктардан коркунучтуу деп ойлобойм. Алар жумушчулар, алардан эч кандай коркунуч жок.

Жаңыл Жусубжан, Прага
XS
SM
MD
LG