Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:41

ТУРСУНБЕК АКУН: АННА ПОЛИТКОВСКАЯНЫ ОРУСИЯДАГЫ КОРРУПЦИЯ ӨЛТҮРДҮ


Зейнеп Мартбек кызы, Бишкек Бүгүн белгилүү орусиялык журналист, маркум Анна Политковскаянын туулган күнү. Политковскаяны былтыр октябрда Москвадагы үйүнө кире бериште белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Политковская дайыма Чеченстандагы согушка байланыштуу макалаларды жазып, орус өкмөтүн катуу сындап келген. Политковскаяны жекече билген президенттин алдындагы адам укугун коргоо боюнча комиссиянын жетекчиси Турсунбек Акун "Азаттыкка" маек куруп берди.

- Турсунбек мырза, Анна Политковская менен кантип, качан таанышып калдыңыз эле?

-Өзүңөр билесиңер, мен ошол 96-жылдары өзүмдүн демилгем боюнча, Кыргызстан укук коргоо кыймылынын атынан Чечен жерине үч жолу барып келдим. Мен менен кошо дүйнөнүн бардык бурчтарынан журналисттер, укук коргоочулар барышты. Мисалы Британиядан белгилүү журналист Крис Хантер деген жигит барды. Япониядан журналисттер келди. Америкадан Санта деген журналист келип, ал киши Грозныйдан курман болду. Ошонун атында атайын көчө бар. Елена Чайка деген дагы бир журналист бар. Ал дагы курман болду. Аны менен дагы чогуу жүргөнбүз. Анна Политковская менен мен Ингушетиянын Свердловодский шаарында тааныштым. Качып келген чечендерди Свердловодскийдеги бир палаточный городокко жайгаштырып турчу. Анан Анна менен ошол жерден тааныштым. Нур жүздүү болгон, өңү дагы жакшы, ушунчалык сүйкүмдүү аял киши экен. Биринчи таанышканда эле “Сиз кайдан келдиңиз?”-деди, “Мен Кыргызстандан келдим”,-дедим. Ушунчалык жылуу кабыл алды. Анан ага чейин дагы Анна Политковскаянын жазган макалаларын, китептерин окуп калган болчум. Айрыкча Чеченстан, Ичкерия жөнүндө жазгандарын дагы окуп калдым. “Азаттык” аркылуу дагы интервьюларын окуп, мен аны көргүм келип жүрчү. “Анна, мен сизди билем. Сиз тууралуу көп уккам”,-дедим эле, ошондон баштап таанышып кеттик да. Анан Свердловодскийде,Ингушетиянын борборунда, Грозныйда, Аргунда, Гудерместе ар түрдүү пресс-конференциялар болот да. Баягы согуш учурунда, кандайдыр бир чоң окуялардан кийин, жолугушуулардан кийин маалымат жыйыны өткөрүлөт. Ошондо мен Политковская менен көп жолугуп калып жүрдүм. Ал дайыма палаточный городокко келип, чечендер менен сүйлөшүп, анын жанындагы фотограф тартып эле жүрчү. Анна көп ыйлачу. Анткени Орусия үчүн жаны күйөр эле. Улуу Орусия ушундай геноцид кылып жатат деген мааниде өзүн аябай жаман сезчү. Мен дагы Аннаны “Бул трагедия. Бул тагдыр”,-деп соороттум. Анна дайыма колуна блокнот алып, көргөн-укканын ошого жазып турчу. Экөөбүз дагы көп сүйлөштүк. Кыргызстандагы ахыбалды сурап, “Кандай болуп жатат?” деп кызыгар эле. Мен ойлойм, Анна Политковскаянын өлүмү Орусия үчүн чоң жоготуу. Анткени журналисттердин ичинен Түндүк Кавказ боюнча эң чоң адис эле да. Ошо айрыкча Чеченстан, Кавказ өлкөлөрү боюнча адис эле. Бир жолу айтып калды: “Мен окопторго барып, чечендер менен чогуу жүрүп келдим, Турсунбек”,-деди. Чын эле, кийимдери топурак болуп, чарчап, бирок жүзүндө ушунчалык чоң кубанычты көрдүм.

- Журналисттик сапаттары тууралуу айтып бердиңиз. Ал эми Анна Политковскаяны адам катары кандай сүрөттөйт элеңиз?

-Эми адам катары абдан боорукер эле. Мен боорукерлигин чечендерди көргөндө ыйлап, ушунчалык күйүп, чечендердин кичинекей балдарын эркелетип, чөнтөгүнөн конфет алып бергенин көп көрдүм. Адамга жасаган жагымдуу мамилеси бар эле. “Мен орус, кыргыз, чечен” деп бөлбөгөн жөнөкөйлүгү бар эле да. Ошону менен бирге профессионалдуулугу бар эле, өзүнүн ишин аябай жакшы билчү. Анна Политковскаяны мен орус журналисттеринин үлгүсү катары эсептейм. Беш-алты журналист болсо эң күчтүү, ошонун бирөө деп эсептейм. Адам катары дагы өзүнүн адамкерчилиги өтө жогору эле да. Кыргызстан жөнүндө сурачу. Ал кезде президент Акаев эле. “Силерде дагы авторитардык режим болуп жатат”,-деп калар эле. Аябай ишмер, эмгекчил болчу. Эсимде, түшкү тамакка барбай иштеп жүрчү. “Мен эртеден бери эч нерсе жеген жокмун, талаада калып калдым, тамак ичкен жокмун Турсунбек”,-деди. Анан “Жүр, тамак ичели”,-десем, “Мен азыр дагы бир жерге барышым керек, ал жакта чечендер күтүп жатат”,-деди.

- Анна Политковскаянын өлүмү ушул кезге чейин иликтенип келет. Сиз аны кандай деп баалап жатасыз?

-Мен эми адис эмесмин, же өлтүргөн жеринде болгон жокмун. Орусиянын кээ бир маалымат агенттиктери айтып жатпайбы чечендер өлтүрдү деп. Мен ойлойм, андай болгон жок. Анна Политковская Россиянын Чечняга карата кылып жаткан геноцидин ачык айтып чыккан да. Борис Николаевич Ельциндин жүргүзгөн саясатынын туура эместигин, Ельциндин өмүр баянындагы эң трагедиялуу учур бул Чечнядагы согуш экендигин ачык жазып чыккан. Анан Орусиянын аброюнун кеткендигин, чечендерди россиялык солдаттар атып жатканын дүйнө коомчулугунун алдында айткан. Өзүнүн мамлекетин өзү жамандады деген мааниде жаман көрүшчү да кээ бир коррупционный системалар. Мен ойлойм, бл жерде дагы коррупция болуп, Аннаны өлтүрүп коюшту. Бирок Политковская “Орусия тазалансын, Орусия улуу мамлекет болсун, кичинекей Чеченстан менен кармашып, аброюн төкпөсүн” деп аракет кылган эле.

-Анна Политковскаянын өлүмү Орусия, дүйнө журналисттери үчүн кандай жоготуу болду деп ойлойсуз?

-Мисалы мен Анна Политковскаянын өлгөнүн, суук кабарды укканда абдан жаман болдум. Анткени мен биринчиден, аны көргөнгө чейин Политковскаянын чыгармачылыгына, өтө таланттуу журналист экендигине таң берчүмүн. Жолугуп, сүйлөшүп, баарлашып, сырдашып, чогуу жүрүп калгандан кийин мага өтө катуу тийди да. Албетте мен ата-энесине телеграмма жибердим, телевизордон чыгып сүйлөдүм. Акырына чейин күнөлүүлөр жазаланбай келе жатканы өтө катуу кабатырлантат. Бирок Анна Политковская өзү өлгөнү менен, анын эмгеги, чыгармачылыгы, анын жаркын элеси биздей адамдардын катарында, миллиондогон адамдардын жүрөгүндө, өзгөчө Кавказ элинин жүрөгүндө сакталып кала берет. Бул журналист өлгөн жок, анын жаркын элеси дайыма күйүп турат.

- Маегиңиз үчүн рахмат.

-Сиздерге дагы рахмат.
XS
SM
MD
LG