Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 11:46

РОССИЯ МЕНЕН БАТЫШТЫ ЕККУ ЭЛДЕШТИРЕ АЛАБЫ?


Россия 14- июлда “Европадагы жөнөкөй куралдуу күчтөр жөнүндөгү келишимге” катышуусун убактылуу токтоткон. Москванын аталган келишимден чыгуусу Россия менен Батыш арасындагы карама каршылыкты курчуткан эле. Эки тарапты элдештирүү маселеси Испаниянын тышкы иштер министри Мигель Анхель Моратинос бейшемби күнү Москвада болгон кезде талкууланды.

“Европадагы жөнөкөй куралдуу күчтөр” жөнүндөгү келишимге 1990- жылы кол коюлган. Кремль бир жарым ай илгери келимден убактылуу чыкканын билдирген. Анын себебин Россиянын Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Кисляк НАТОнун чыгышка карай кеңейүүсү, өзгөчө, АКШнын Чехия менен Польшага ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруу планы менен түшүндүргөн:

-Келишим эскирип калды. 1990-жылы кол коюлган документ НАТО менен Варшава келишимине кирген саясий-аскерий блоктор ортосундагы мамилелерди жөндөйт. Азыр СССР, Варшава келишими да жок, НАТО болсо документте каралган чектерден чыгып, кеңейүүдө. Ал Альянска мүчө кээ бир мамлекеттерди таптакыр камтыбайт. Андыктан, келимшге катышуудан убактылуу чыгуу чечими Россиянын коопсуздугуна байланыштуу кабыл алынды.

Москва менен Батыш арасындагы бул келишпестикти жөндөө аракетин ЕККУнун учурдагы төрагасы, Испаниянын Тышкы иштер министри Моратинос 30-авгуcтта Москвадагы сапары учурунда жасады.

- Ал ( ЕККУнун төрагасы) Министрлер кеңешинин ноябрда болчу жыйынында тараптарды кездештирип, маселени алга жылдырууну ниет кылууда. Моратинос “Европадагы жөнөкөй куралдуу күчтөр” жөнүндөгү азыркы жагдайга ылайыкталган келишимди түзүүгө өбөлгө болчу декларациянын зарылдыгын министр Лавров менен болгон жүзмө- жүз кездешүүдө, андан да соң ачык айтты,-деди ЕККУнун өкүлү Мартин Несирки.

Мартин Несирки билдиргенге караганда, Испаниянын жана Россиянын Тышкы иштер министрлери 6- августа Грузиянын түндүк батышындагы болгон ракета чатагын да талкуулашты. Тбилисинин ырасташынча, ракетаны Грузиянын аба мейкиндигин бузуп кирген россиялык учак аткан. Москва айыптоону куру доомат деп четке кагууда. Ракета чатагы боюнча Батыштык адистер даярдаган иликтөө ЕККУнун 6- сентябрда Венада болчу жыйынында талкууга коюлат.

XS
SM
MD
LG