Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

БИЙЛИКТЕР БЕСЛАН ТРАГЕДИЯСЫН ЭЛДИН ЭСИНЕН ӨЧҮРМӨК БОЛУУДА


2004-жылдын 1-сентябры Түндүк осетиялыктар үчүн кандуу алааматтын күнү. Бул күнү террорчулар тобу Беслан мектебин окуучулар жана алардын энелери менен чогуу басып алды. Мыкаачылардын канкордугунан жана коопсуздук күчтөрүнүн эпсиз аракетинен барымтадагыларды куткаруу учурунда 330дан ашуун адам, анын ичинде 186 бала набыт болду. Жакындарынан ажыраган үй- бүлөлөр трагедиянын себептерин изилдөө боюнча атайын комиссиянын ишине нааразы. Бесландыктар атайын күчтөрдүн эби жоктугун комиссия жашырып койду деп санашат.

Бесландагы кандуу булоонду изилдеген бейтарап топ өкмөттүк комиссиядан башка жыйынтыкка келген.

- Ырасмий иликтөөгө ылйык, кызыл кыргын террорчулардын жардыруусунан кийин кийин башталган. Көзкарандысыз комиссиянын иликтөөсү адегенде мектептин сыртындагы бешкабаттуу имараттан ок атылганын аныктады. Муну барымтадан тирүү калаган адамдар да ырасташууда. Сыртта жардыруунун үнү угулгандан кийин мектептин ичинде жардыруулар башталып, барымтадагылар баш аламан түшкөн. Ошондо жамгырдай төккөн октон, гранаттын жана танктардын чабуулунан көптөгөн адамдар өлгөн,-дейт "Беслан чындыгы” сайтынын редактору Марина Литвинович.

Трагедиянын үч жылдыгы алдында “Беслан үнү” бейөкмөт уюмунун жетекчилиги алмашты. Уюмдун мурдакы башчысы, калабада үй- бүлөсүз калган Эмма Бетрозованын ордуна соттун чечими менен Марина Меликова бекитилди. “Беслан үнүнүн” мүчөсү Элла Кесаева бийликтер чындыкты жашыруу үчүн Меликованы тандашты дейт:

-Коомдук уюмду басып алышты: Сот аркылуу “Беслан үнүнө” бийликтердин сөзүнөн чыкпаган ар кандай адамдар күчтөп дайындалды. Жарандык уюм Беслан булоонуна жооптуу бардык ырасмий адамдарды жоопко тартуу үчүн тайманбай күрөшүп, ар башка үч соттон өткөн эле. Адам укугу боюнча Европа сотуна кайрылганбыз. Катарыбыз өсүп, популярдуу болуп баратканыбыздан чочуган бийликтер биздин уюмду күчтөп токтотууну чечти.

Бийликтер кандуу окуянын тилсиз күбөсү- Беслан мектебин кыйратып, анын ордуна чиркөө же болбосо гүлбак курууну сунуш кылышты. Буга жакындарын жоготкон үй- бүлөлөр каршы чыгышууда. Үч жыл мурдакы апаатта дидаринан ажыраган Рита Сидакова мектеп айоосуз мыкаачылыктын эстелиги катары сакталыш керек деп санайт:

- Мектеп туруш керек. Мен үчүн бул кылмыш орду, айбанчылык жасалган жер. Мектеп мындай кыянатчылык кайталанбаш керек экенин адамзаттын эсине салып туруш керек. Мындай нерсе кайталанбашы керек.

Ал эми Элла Кесаеванын пикиринде, уруштун изи сакталган мектеп бийликтердин обу жок аракетин далилдеп тургандыктан, өкмөт аны жер менен тегиз кылып, сүрдүрүп салууга кызыкдар болууда.

XS
SM
MD
LG