Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:40

ДАГЫ БИР ОРУС БҮЛӨНҮ ИНГУШЕТИЯДА КЫРЫП САЛЫШТЫ


Муса Мураталиев, Москва Ингушетияда орус тили мугалими Драганчук Веранын үйбүлөсүн атып кетишти. Карабулак шаарында жашачу Драганчуктун үйүнө кирип баргандар мугалимдин күйөөсүн, эки уулун атып кетишкен. Мугалим аял башка бөлмөдө болгондуктан терезеден чыга качып кутулган. Анын бүлөсүнүн беш мүчөсүнүн ичинен азыр кызынын дайыны билинбей жатат. Мындан бир жарым ай мурда Ингушетияда дагы бир ушуга окшогон окуя болгон. Ал жолу Орджоникидская станицасында жашачу мугалим, Людмила Терёхинаны да эки баласы менен 16-июлда атып кетишкен. Кечээ жумурият президенти Мурат Зязиков ал иштин бети ачылды, кылмышкерлер кармалды деген.

Карабулак атындагы чакан калаадагы Лемакова көчөсүндө жашачу орус бүлө Драганчуктарды атып кетүү окуясы түн ортосунда болгон. Белгисиз адамдар Вера мугалимдин 48 жаштагы эрин, 24 жана 20 жаштагы уулдарын автоматтар менен атып, жаткан жерлерине сулатып салып чыгып кетишкен. Терезеден ары чыга качып аман калган Вара Драганчук эси катуу чыгып калгандыктан эмдигиче сүйлөй албай атат дешет. Кылмыш иши козголуп иликтөө башталганы дайын болду.

«Эхо Москвы» билдиргенге караганда жумурияттын прокуратурасы аны мурдараакта Назран калаасында жок кылынган Ислам Белокиевдин өчүн алуу болду деген. Ингушетия сайты жазганга караганда ал боз улан базарда жөн эле турган жеринде федералдык аскерлер атып таштаган экен.

Баса, 10-августтан тартып Ингушетияга федералдык 700 аскердин үстүнө Ички иштер министрлигине тиешелүү дагы 2500 аскер киргизилген. Анын себебин ИНТЕРФАКС агенттигине полковник Панченков: «аймакты жикчилдерден арылтуу максатта кошумча күч киргиздик»,- деген.

Чындыгында эле кийинки учурда жумуриятта ички абал курч. Июлдун ичинде түн жамынып келип белгисиз бирөөлөр президент менен ФСБнын имаратын аткылап кетишкен. Ага чейин, так айтканда, 16-июлда Орджоникидзе кыштагында жашачу математика сабагын окутуучу Людмила Терёхинаны да эки баласы менен кошо атып кетишкен.

Кайсы бир талдоочулардын айтымында Түндүк Кавказ улуттар арасындагы кагылышка чукулдап бараткандай. Андай маанай Маскөө баштап орусиялык ири шаарларда улутчулдар кыймылы башталгандан кийин, «Орусия – орустарга!» урааны ачыкка чыккандан кийин, ага жооп ирээтинде пайда боло баштаганын айтышат.

Маселен, Орусиялык саясий жана согуштук институтунун эксперти Сергей Маркедонов айтканга караганда, мындай көрүнүш Кремлдин улуттук саясатын колдон чыгарып ийгенинен кабар берет.

- Ар бир адам Орусиянын кайсы гана жеринде болбосун – а Ингушетия орусиянын бөлүгү - дайыма корголушу керек. Бул бир эле Ингушетиянын маселеси эмес, бул бүтүндөй Орусиянын маселеси.

Ырасмий булактар болсо жумурияттагы киши атуунун улам кайталанышында улуттар кагылышы бар экендигин айтуудан качышууда. Айта кете турган жери, Терёхинаны эки баласы менен жерге берип атканда көрүстөнгө коюлган тузакка чалынып, ал жерде да жардыруу болуп, ал апааттан бейитке келгендер арасынан жети киши жарадар болушкан.

XS
SM
MD
LG