Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:01

«ВИРТУАЛДЫК ЧЫНДЫК» ЖАНА РАК ДАРТЫНА ДАБА ЖЕМИШТЕР


Сиз бир мезгилде эки жерде болгуңуз келди беле? Европалык окумуwтуулар "виртуалдык чындык" көз айнегин колдонуу менен адам өз денесинен сыртка чыккан тажрыйба өткөрүштү. Кара көк, кочкул күрөң түстөгү жашылча жемиш кандайча ракты алдын алууга көмөктөшөөрү такталды.

Лондондо жана Швецарияда иштеген окумуштуулардын эки бөлөк тобу бирдей методду колдонуу менен адам өзүн сырттан көрө ала тургандыгын далилдеген тажрыйба жүргүзүштү.

Адатта катуу жаракат алган же өлүм алдында болгон адамдар өз денесин четтен көргөндүгүн айтышат. Бул тууралуу айрым диндерде да айтылат. Бирок окумуштуулар ден-соолугу бекем волонтерлер жана таза илимий методдор менен бул көрүнүштү иш жүзүндө жаратышты.

Биз, адам баласы, көзүбүз жана терибиз менен сезген сезимдер аркылуу мээбизге денебиз кайда экенин айтып турабыз. Бирок көзүбүз менен көргөн, терибиз менен сезгенден бөлөк маалымат бергенде кантебиз? Бул эки сезим дал келбесе, демек биз "денеден сырткары чыккан" болобуз.

Мындай тажрыйбаны Лондондогу Неврология институтунда илимдер доктору Хенрик Эрссон өткөргөн. Ал үчүн адамга атайын көз айнек кийгизип, эки чакан экранды каратып отургузушкан. Кишинин артына эки камера жайгаштырылган. Ал камерадан көз айнекке видео тасма көрсөтүлүп турган. Окумуштуу эки желим таякты колуна алып, бирин волонтердун көкүрөгүнө тийгизген, бир эле мезгилде экинчи таякты волонтердун артындагы эки камераны көздөй алып барган. Волонтерлердун бирөөнөн башка бардыгы таяк алардын артында калган денесине тийгендей сезишкен.

Окумуштуу ошондой эле балтаны алып, аны камераны көздөй күч менен шилтеген, анда да волонтерлор балта денесин көздөй шилтегендей чочуп, кара терге түшүшкөн. Эрссондун ишениминде, эгер ал балка менен видеого тартылган тасмадагы колду чапканда, атайын көз айнек кийген волонтер соккуну өз денесине тийгендей кабыл алмак:

– Тасмадагы колду балка менен бир койгондо, киши өзүн өтө ыңгайсыз сезет, өз колуна тийип, ооругандай болот. Колун тартып алып, "ай" деп чочуйт, бирок чындыгында ооруганды сезбейт.

Бирок этикалык себептерден Эрссон мындай нерсени жасаган эмес.

Мындай методдорду АКШнын космос агенттиги НАСА буга чейин да жүргүзүп келген экен, тактап айтканда, жерде турган астронавт атайын көз айнек кийип, колун кыймылдатканда, айда турган роботту көзөмөлдөйт.

Келечекте бул тажрыйбаны видео оюндарда колдонсо болот. Ал эми азырга чейин өз клиникасында туруп, алыскы аймакта операция жүргүзгөн хирургдар бул техниканын жардамы менен операциянын жүрүшүн жакыныраак байкап, кырдаалды жакшыраак көзөмөлдөй алат деп болжолдонууда.

ТҮСТҮҮ МӨМӨ-ЖЕМИШТЕРДИН ПАЙДАСЫ

Карагат менен кара көк түстөгү баклажан сыртынан мөлтүрөп сонун көрүнөт. Бирок ичинен да бул жемиш менен жашылча ракты алдын алуучу касиетке ээ. Бул АКШнын Огайо университетиндеги иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталган. Кара кочкул түстөгү жашылча, жемиштин ракка каршы касиети тууралуу дарыгерлерге мурда эле маалым болчу, ал эми аталган университеттин изилдөөчүсү Моника Гиусти жана анын кесиптештери мындай касиеттин бир себебин аныктай алышты.

Антоцианин деп аталган компонент жемишке кызыл, көк түс берүү менен катар, жоон ичегиде рак клеткаларынын өсүшүн жайлатат экен. Ушул айда Америкалык химиялык коомдо жасаган отчетунда Гиусти бир эле жемиштин ачык түстөгүсүнө караганда, кочкул түстөгүсү алдак-анча касиеттүү экендигин билдирди. Мисалы кызыл карагатка караганда, кара карагат рак менен күрөштө кыйла таасирдүү. Ошол эле убакта Гуисти кызылын эмес, карасын жегиле деп кеңеш берген жок, ал изилдөө дагы улантылышы керектигин белгиледи. Мындай изилдөө уланып жатат, жана ушул айда жарыяланган дагы бир изилдөөдө кара көк түстөгү конкорд жүзүмү эмчек рагынын клеткаларынын өсүшүн токтототуучу процесске түрткү болоору айтылган болчу.
XS
SM
MD
LG