Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:30

БҮГҮН БИЛИМ КҮНҮ


Бүгүн республиканын булуң-бурчунда эки миң бир жүз он бир орто мектеп, 74 жогорку окуу жай ачылат. Андан сырткары өлкөдө 38 менчик жана менчик-мамлекеттик мектептер бар. Аларда 7720 окуучу билим алат. Бул күнү мектепке бир миллион 124 миң 883 окуучу барат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен маалымдалды.

Бүгүнкү күндө республиканын булуң-бурчунда жалпысынан үч миң мугалим жетишпейт. Педагогикалык багыттагы жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн мектепке тартуу максатында “Жаш мугалимдин депозити” программасы кабыл алынган. Учурда бул программа боюнча 1092 мугалим иштеп жатат. Кадрлардын жетишсиздигинен улам бул программага катышкан мугалимдердин санын беш жүзгө чейин көбөйтүү маселеси каралууда. Бул үчүн 2008-жылы кошумча 17,6 миллион сом, 2009-жылы 30,8 миллион сом талап кылынат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен кабарланды.

Мектептерди компьютерлештирүү максатында республикалык бюджеттен 90 миллион сом бөлүндү. Бул каражат мектептердеги компьютерлердин санын көбөйтүүгө жумшалмакчы. Эгерде 2006-жылы жетмиш сегиз окуучуга бир компьютер болсо, 2007-жылы элүү сегиз окуучуга бир компьютер берилет деп пландаштырылууда. Жаңы окуу жылында мектеп жабдыктарына жана мугалимдердин бөлмөлөрү үчүн эмеректерге бюджеттен жыйырма миллион сом бөлүнөт.
XS
SM
MD
LG