- Каныбек мырза, жаңы окуу жылы башталганы турат. Сиз министр катары айтсаңыз, билим берүү саясатында кайсы багыттарга артыкчылык берилүүдө?
- Кечээ 29-августта өкмөттүн атайын отурумда жаңы окуу жылына биз даярбызбы же даяр эмеспизби деген суроого жооп берилди. Жаңы окуу жылына даярбыз. Билим берүү деген бул абдан көп вектордуу түшүнүк, эч качан ал жагы же бул жагы приоритеттүү деп айтпаш керек. Бул жерде үч чоң көрсөткүч бар. Биринчиси, билим алуунун өзү, экинчиси тарбиялык иштер, үчүнчүсү баланын, бүтүрүүчүнүн, же окутуучунун граждандуулук багытта биринчи орунга коюп иштеп жатабыз. Биздин максатыбыз бул сапаттуу билим берүү. Сапаттуу билим берүү боюнча биз акыркы 15 жылда Акаевдин учурунда абдан эле чоң аксаганбыз. Космоско чейинки нерселерди айта берип, ал эми жөнөкой балдардын партасынан, окуу куралдарынан баштап мугалимдер менен камсыз кылуу маселесин такыр унутуп койгонбуз. 2006-жылы мугалимдердин айлыгы биринчи жолу эки эсе көтөрүлдү. Толук коэфициенттерди кошкондо 5-6 миң сом айлык алып атышат. Биздин 72 миң 100дөн ашуун мугалимдерибиз толугу менен өздөрүн отпускной айлыктарын алалышты.
- Сөзүңүзгө аралжы, мугалимдер жөнүндө сөз баштап калдыңыз, ушул кезге чейин айрыкча элет жеринде тоолуу аймактарда мугалимдердин жетишсиздиги чоң проблеманы жаратып келатат. Ушул жылдары кандай чечилип жатат?
- Проблеманын пайда болушуна эки себеп бар, 1997-жылдан 2005-жылга чейин мугалимдер массалык түрдө мектептен кетип, бизнеске жана башка жактарга өтүүлөрү болгон. Айлыктары аз болуп, эч кандай социалдык шарттар түзүлбөй, ал турсун шайлоолордо гана пайдаланып алардын үстүнөн кемсинтүү саясаттары жүргүзүлгөнүнө байланыштуу. Мына тилекке жараша, 2006-жылдан бери биз бул боюнча атайын системалык иштерди жүргүзүп келе жатабыз. Быйылкы жылы эки чоң жакшынакай окуя болду. Биринчиси, кеткен мугалимдердин массалык түрдө кайтып келип атышы мектептерге. Өзүнүздөр изилдеп көрсөңүздөр алыскы райондордо дагы, Бишкек шаарында дагы азыр талашып атышат орундарды. Жаш мугалимдин депозити деген программа толугу менен ишке киришти деп айтсак болот. Быйыл эле өкмөт өзүнүн каражаты менен 500 депозитти, Азиялык өнүктүрүү банкы 100 орун, Бүткүл дүйнөлүк фонд 100 орун берип жатат. Баш-аягы болуп 700 орунду биз быйыл жаңы бүткөн мугалимдерге берип жатабыз. Буюрса биз 1-2 жылдын ичинде бул маселени толугу менен жоюуга кудуретибиз жетет деп ойлойм.
- Билим берүү тармагында өзбек тилиндеги сабактардын сааттары кыскартылып, кыргыз тилинин сабактарынын сааттары көбөйтүлдү. Бул улуттар арасындагы мамилеге кандайдыр бир доо кетирет деп кооптонбойсузбу?
- Бул жерде болгону жумасына бир саат жөнүндө сөз болуп жатат. Анын үстүнө өзбек диаспорасы эки депутаттын кийлишүүсү менен, депутат Ташиев менен Ташиевдин атайын каты менен, өзбек диаспорасынын өздөрүнүн суранычы менен кабыл алынган буйрук болчу. Муну көбүртүп-жабыртуу анча-мынча жергиликтүү кишилерге кээ бир саясатчыларга абдан жагып калган окшойт. Бул өзбек элинин өзүнүн суранычы болгон, биз Кыргыз мамлекетинде жашап аткандан кийин кыргыз тилин сыйлашыбыз керек, билбесе балдарыбыз жуимушка орношууга кыйын болуп калып атат деген келечекти көрө билген адамдардын сунушу болчу. Өзүмдүн статс катчымды бүгүн Жалалабатка жөнөтүп атам, атайын ушул маселе боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө. Мен министр катары аларды кабыл алып олуттуу түрдө мыйзам чегинде чечүүгө биз даярбыз.
- Каныбек мырза, көчөдө калган балдардын саны көп деген маалыматтар бар. Канча бала статистикалык так маалымат барбы, болсо канча? Окубай калган балдарды мектепке тартууда кандай иш чаралар бар?
- Быйыл бир күн дагы отпускага чыгып эс албай, республиканын бардык мектептерин кыдырып келдим. Ар бир райондо орточо эсеп менен 5-6дан бала тартылбай аткандыгын баамдап, туюп келдим. Эми ошону 50гө көбөйтө турган болсок 300-400 бала такыр эле Кыргызстан боюнча мектепке тартылбай аткандыгы айкын болду. Ушул күндөрү 10-сентябрга чейин катуу тапшырма берип жатам, ар бир баланын өзүнүн фамилиясы, ата-энеси, дареги кандай экендигин. ЮНИСЕФтин башкы координатору Шафтер деген мырза менен сүйлөшүп атайын долбоор бекитип атабыз ошол балдарды мектепке тартуу боюнча. Мурун кандай чечип келишкен, мурун ошол балдарды билип эле бул бала мындай себеп менен мектепке тартылбай жатат деп статистикасын алуу менен бүткөн. Азыр биздин максат ушул, мектепке тартып, аны финансы жактан колдоо. Андан кийин ата-эненин өзүнүн жоопкерчилиги. Мен көлдү кыдырып келип, бир ата-энеге суроо бердим, эмне себептен барбайт деп, ата-эненин өзүнүн деградациясы, аракты ичет экен, баланын эмгегин гана пайдаланат экен. Ушуга окшогон нерселер, жапа тырмак деп айта албайм, бирок негизги аянычтуу көрсөткүчтөрдүн бири болуп жаткандыгы бизге белгилүү болуп калды. Ошон үчүн мамлекетттк, министрликтин деңгээлинде бул маселени сөзсүз колго алабыз, ар бир баланын тагдырын айкындап, аны мектепке тартуунун жолун таап.
- Каражат жөнүндө маселе козгоп кетпедиңизби, чукулунан кымбатчылык өкүм сүрүп атат Кыргызстандын аймагында. Окуу куралдары, кийим-кечелер кымбаттап кетти. Балким ушул себептен балдардын окууга барбай калышы мүмкүн деген кээ бир ата-энелердин сөзүн угууга болот. Ушул маселени өкмөт билеби, маселени койдуңуздарбы?
- Бул маселе биринчи орунга коюлду. 2006-жылдан баштап биз 1-класстан 4-класска чейинки балдарга ысык тамак берип жатпайбызбы. Ар бир балага 5 сомдон бөлгөнбүз. Эми азыр айкын болуп калды ал 5 сом жетпейт, себеби ун кымбаттап кетти. Өкмөттүн токтомун долбоорун киргиздик 5 сомду 7 сомго көтөрүү боюнча. Өкмөт абдан тынчсызданып бул маселенин үстүндө иштеп жатат. Айрыкча биздин премьер-министр Атамбаев Алмазбек Шаршенович өзү адекваттуу түрдө түшүнүп, бул маселени кечээ абдан катуу көтөрүп чыкты. Өзүнүздөр деле көрдүңүздөр, подпольеге кирип кеткен нан чыгаруу цехтерине патент берип нанды сатууга жайылтуу маселесин көтөрүп чыкканын өзү эле биздин мектептерге дагы өзүнүн жакшы өбөлгөсүн тийгизет деп ойлойбуз.
- Маегиңизге чоң ырахмат.