Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

ТЕРРОРЧУ ДЕП ШЕКТЕЛИП, ТӨРТ АДАМ КАРМАЛДЫ


Жакында Жалалабатта Өзбекстан менен Кыргызстанда теракттарды жасаган деп шектелген бир нече киши кармалган.Облустук бийлик жана тартип, коопсуздук кызматтары тергөө кызыкчылыгына байланыштуу алардын саны менен ысымдарын азырынча атай элек. Бирок, төрт адам кармалганын КТРдин облустагы кабарчысы билдирди. Террорчу деп шектелгендерди кармоо маалында алардын бири колундагы гранатаны жардырууга аракет кылган. Кармалгандын тарапкерлери аталган иш-чара уруп-согуу, коркутуу, үркүтүүлөр менен коштолгону тууралуу билдирип, адам укугун коргоочуларга кайрылышкан.

"Өзбекстандын ислам кыймылы" аттуу террорчул уюмдун мүчөлөрү деп шектелген адамдарды кармоо түн ортосунда ишке ашырылган. Аскерий адамдар Сузак районундагы Күмүшазиз кыштагындагы «Уют» кафесинде олтурган 14 кишинин үстүнөн чыгышкан. Тартип сакчыларынын маалыматы боюнча, аталган кыштак диний экстремисттик «Хизб-ут-тахрир» уюмунун уюгу катары таанымал. Операция маалында мурда Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрү менен былтыр Кыргызстандын Баткен, Ош, Жалалабат облустарындагы жардырууларга тиешеси бар деп шектелген төрт киши кармалган. Алардын арасындагы Абдуллах аттуу ысымдагы бир адам бир нече кылмышы үчүн издөөдө жүргөн экен.

Өзбекстандык киши колундагы гранатаны жардырууга аракет кылган, бирок аскерий адамдар анын колун ачтырбай кармап калышкан. Тергөө кызыкчылыгына байланыштуу тиешелүү кызматтар кармалгандардын так санын айтпай жатышат. Бирок, КТРдин облустагы кабарчысы кармалган төрт адамдын экөө кыргызстандык, экөө өзбекстандык экендигин, өзбекстандыктар Оштогу тергөө абагына жөнөтүлгөнүн билдирди.

- Террористтерге, экстремисттерге каршы дайыма иш чараларды жүргүзүп келүүдө коопсуздугун коргоодо 1978-жылы туулган террорчулар группасынын лидерлеринин бирөө кармалган. Ошол эле кошуна мамлекеттерден адамдар кармалган. Окуя учурунда гранат жардырууга аракет кылган,- дейт облустук бийликтин укук коргоо бөлүм башчысынын орунбасары Муса Эргешов.

Террорчулукка байланыштуу иш-аракет уруп-согуу, коркутуу-үркүтүү менен коштолгон. Ал тууралу «Уют» кафесинде түнкү саат 12де болгондордун 11 өкүлү адам укугун коргоочу «Справедливость» уюмуна кайрылышкан.

Кайрылууга ылайык алар жерге жаткырылып, акчалары менен чөнтөк телефондору убактылуу алынып, кийин кайра берилген. Муса Эргешовдун жообу боюнча куралдуу жана бир нече теракттарды жасаган деп шектелгендер менен операция маалында жөн-жай мамиле жасоо мүмкүн эмес эле. Абдуллах аттуу киши былтыр Баткендеги жана Жалалабаттагы бир нече адам курман болуп, эки милиционер оор жарадар болгон окуяга катышы болуусу ыктымал.

- Эгер ошол адам жардыра турган болсо, башка адамдар өзүнүн өмүрүн кыйгысы келбейт да. Бул бардык жерде боло турган сөз. Ошол жерде катышкан адамдарды кармап турбаса жарылып кетсе коргоочулар да өзүлөрү жарылып кетиши мүмкүн,- дейт Муса Эргешов.

Учурда операция толук аяктай элек, террорчу деп шектелгендердин калгандарын издөө иши улантылууда.Диний экстремисттик «Хизб-ут-тахрир» уюму менен Өзбекстандын ислам кыймылы уюмунун көздөгөн максаттары бирдей. Жашыруун эки уюм тең Борбор Азияда Ислам халифатын тургузууну көздөйт. Облустук ички иштер башкармасынын өкүлү Шермамат Мамбеткулов шектүүлөр коңшу өлкөлөрдөн качып келип жатышкандыгын айтты.

- Өзбекстандын Наманган облусунан, Андижан облусунан өтүп келип, көп иштерди жүргүзүп жатабыз десек жаңылышпайбыз. Бул боюнча жыйырма беш фактылар бар. Анын ичинен 14 иш диний экстремизм жөнүндө болгон,- дейт Шермамат Мамбеткулов.

Террорчу жана диний экстремист деп күмөндөлгөн адамдарды кармоо адам укугун бузуу менен коштолууда. Расмий катталбаган «Исламды боштондукка чыгаруу» уюмунун облустагы өкүлү Султанбек Бадаловдун пикири боюнча «Хизб-ут-тахрир» уюмунун Өзбекстандык ИДУ уюму менен байланышы жок. Өзү мүчөлүктө турган уюм түпкү максатына курал аркылуу эмес, саясий- идеологиялык иш-чараларды жүргүзүү аркылуу жетүүнү көздөйт.

- Бизди эч кандай мыйзамга туура келбеген негизде текшерип жатышат. “Хизб-ут-тахрир” эч качан материалдык жана куралдуу жолго барбайт. Тескерисинче, андай жолго баргандарды дагы оң жолго үгүттөйт,- дейт Султанбек Бадалов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG