Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:18

РОССИЯНЫН ЖАҢЫ МАМДУМАСЫ ДЕКАБРДА ШАЙЛАНАТ


Амирбек Азам уулу, Бишкек Президент Путиндин жарлыгына ылайык, 2- декабрда Россияда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. Шайлоо өнөктүгү жарлык ырасмий түрдө жарыя болор замат башталат. Мамлекеттик Думага депутаттарды шайлоо бул ирет биринчи жолу пропорционалдык система же партиялык тизме боюнча жүргүзүлөт. Экинчи бир жаңылык: Мамдуманын мандатына жети проценттик чекти жеңген партиялар гана ээ болушат.

Россия парламентинин төмөнкү палатасы - Мамдумага шайлоо бул жолу жаңыча өтөт. Бардык 450 депутат пропорционалдык система же партиялык тизме боюнча шайланат. Экинчиден, 7 проценттик чекти багындырган гана партиялар парламенттик мандатка ээ болушат. Бул чек мурда 5 процентке барабар эле. Үчүнчүдөн, партиялар мурдакыдай шайлоо блокторуна бириге алышпайт. Ошондой эле шайлоону жарактуу деп табуунун минималдык чеги, ошондой эле добуш берүү бюллетенинен “баарына каршы” деген графа алынып салынды. Бу сындуу өзгөрүүлөр баарынан да бийликчил партиялар үчүн өтө ыңгайлуу экенин жакында Казакстанда болгон парламенттик шайлоо көрсөткөн.

БШКнын төрагасы Владимир Чурков 1- сентябрда билдиргенге караганда, азыр Россия Федерациясында 15 партия катталган. Үч жыл илгери Россияда ырасмий катталган 44 партия бар эле.

Көзкарандысыз сурамжылоолор боюнча төрт гана партиянын Мамдумага шайлануу мүмкүндүгү бар. Алардын ичинен путинчил “Бирдиктүү Россия” менен өнөктүккө биринчи ирет катышып жаткан “Адилеттүү Россияда” административдик- финансылык мүмкүнчүлүгү башка партияларга караганда чоң. Бул эки партиянын өзөгүн министрлер, губернаторлор жана түзөт. Анткен менен, “Бирдиктүү Россия” парламентте каалаган мыйзамын шыр өткөргүдөй конституциялык көпчүлүккө ээ болобу же жөнөкөй көпчүлүктү түзүп калабы, белгисиз.

Серепчилер Зюганов башындагы Коммунисттик партия менен Жириновскийдин Либералдык- демократиялык партиясы да жаңы Мамдумага кирет деп боолгошууда.

Владимир Чуров 2- декбардагы парламенттик шайлоодо 107 миллион шайлоочунун теңинен көбү добуш берет деген ишенимде.

Декбарда Мамдуманын жаңы курамы шайлангандан үч айдан соң Россияда президенттик шайлоо өнөктүгү башталат. Азыркы президент Путин сөзүндө туруп, башмыйзамды сактаса, шайлоого катышпайт. Анткени, өлкө конституциясы боюнча бир адам эки мөөнөт гана президент боло алат.

Быйыл декаббрда РФнын Мамлекеттик Думасына 14 жыл толот. 1993- жылы Руслан Хасбулатов башындагы эрегишчил Жогорку Кеңешти президент Ельцин танкалардан аткылатып таркаткандан кийин, парламент Мамдума деп кайра аталган. Мамдума 1906-1917- жылдардагы падышалык Россиянын өкүлдөр жыйынынын аты.

XS
SM
MD
LG