Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:47

КҮЗГҮ КҮРӨШ КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТТОН БАШТАЛАТ


Жогорку Кеңеш күзгү сессиясын баштады. Ал эми Конституциялык сот жаңы конституцияларды кабыл алууга байланыштуу ар түрдүү арыздарды карай баштайт. 3-сентябрда Конституциялык сот «Арнамыс» партиясынын ондон ашуун мүчөсү берген арызды кароого киришет.

«Арнамыс» партиясынын мүчөлөрү 2006-жылы декабрь Конституциясын кабыл алууда ошол эле жылы ноябрь айында кабыл алынган Конституциянын талаптары бузулган деп, декабрь Конституциясын жокко чыгарууну талап кылууда. Ал тууралуу партиянын төрагасынын орун басары Эмил Алиев «Азаттыкка» буларды билдирди:

-Себеби декабрда кабыл алынган Конституция туура эмес кабыл алынган. Анда көп катачылыктарга жол берилген. Ошондуктан ал жокко чыгарылыш керек деп башында эле айтканбыз. Эми ошонун жолун таап, конституциялык сотко кайрылганбыз. Муну менен биз мыйзам жолуна түшүүнү каалап жатабыз.

Эмил Алиевдин айтымында, партия декабрь конституциясынан кийин ноябрь Конституциясынын кабыл алынышынын мыйзамдуулугун да текшерүүгө аракет жасайт.

Өлкөнүн мурунку ички иштер министри Кеңешбек Дүйшөбаев болсо 2006-жылдагы ноябрь жана декабрь Конституцияларын кабыл алууда 2003-жылдын Конституциясы бузулган деп, Конституциялык сотко арыз берген. Ал арызды кароонун күнү азырынча аныктала элек. Дүйшөбаевдин айтымында, анын арызы сентябрь айынын ондорунан кийин каралышы ыктымал.

Мына ушул арыздарга байланыштуу Конституциялык сот премьер-министр Алмазбек Атамбаев башында турган жумушчу топ иштеп чыккан Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбооруна корутунду берүү маселесин кароого кирише албай турат.

Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров айтымында, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Феликс Кулов башында турган «Арнамыс» партиясынын мүчөлөрүнүн 2006-жылкы Конституцияны жокко чыгаруу үчүн арыз берүүгө жок дегенде моралдык акысы жок. Анткени Феликс Кулов партиялаштары жокко чыгарууну көздөп жаткан декабрь конституциясы менен премьер-министрликке шайланууга бир нече ирет аракет жасаган. Ал эми Кеңешбек Дүйшөбаев болсо Жогорку Кенештин депутаттыгына ат салышкан.

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов «Арнамыс» партиясынын мүчөлөрүнүн жүйөөлөрүн Конституциялык сот кабыл алаарына ишенбейт.

Иса Өмүркулов апрель конституциясынын долбооруна корутунду алуу боюнча парламенттин өкүлү болуп шайланган.

Ал эми депутат Азимбек Бекназаровдун пикиринде, тоскоолдуктарга карабай Кыргызстанда конституциялык реформа улантылып, Атамбаев башында турган топ иштеп чыккан долбоор кабыл алынат:

-Мен ойлоймун апрель конституциясы сөзсүз түрдө кабыл алынат. Себеби, Кыргызстанга тынчтык, туруктуулук керек. 2010-жылга чейин конституциялык реформа жыйынтыкталып, 2010-жылдагы шайлоо жаңы конституция менен, же болбосо Жогорку Кенеш партиялык тизме менен шайланып, уткан партия өкмөттү түзүлүүгө тийиш. Мына ушундай реформа жүрсүн деген күчтөрдүн бардыгы ал долбоорго сунуштарын берип, кошулушкан.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG