Камчыбек Ташиев өкмөттү иштей албайт деп сынга алды. “Бардык мамлекеттерде кымбатчылык болуп атса, эмне кылалык деп силер кол куушуруп отурасыңар. Ал эми башка мамлекеттер бул багытта атайын программа иштеп чыгып, элине жардам берип атат. Ал эми ун кымбаттаган бир айдан бери калктын жакыр катмарына жардам берүү боюнча өкмөттүн алигиче программасы жок. Ошондуктан өкмөт башчысы жана министрлер кол куушуруп ар кайсы шылтоолорду айтып отурбастан өз каалооңор менен биз иштей албайбыз деп, кызматыңардан кетишиңер керек”,-деди Ташиев.
Бюджеттин эсебинен социалдык жактан коргоого муктаж адамдарга жардам берүү керек, деген сунушун айтты депутат Темир Сариев. Ал эми депутат Асамидин Марипов бюджеттик мекемелердин айлык маяналарын тез арада көтөрүү зарылдыгын белгиледи.
Депутат Д.Садырбаев Аксы окуясы боюнча маалыматты түз эфирден толук берүүнү өтүндү. Ал Аксы окуясын депутаттык комиссия иликтеп чыкканын, аны парламенттин күн тартибине киргизип, сыналгыдан толук көрсөтүүнү сунуш кылды.
Депутат Азимбек Бекназаров өлкөнүн аймагында чет өлкөлүктөр кен байлыктарын казып жатканын, алардын лицензиясын текшерүү керектигин, түштүктө чек ара маселесин тез арада чечүү зарыл экендигин айтты.
Келдибеков Башкы прокурорго 500 миң доллардын кайда жумшалганын тактоону өтүндү
Депутат А. Келдибеков башкы прокурорго расмий түрдө кайрылып, мурдагы президенттин администрациясынын экс-президентке берген 500 миң доллар бюджетке келип түшкөнү же түшпөгөнү тууралуу текшерүүнү талап кылды. Анын айтымында, 500 миң долларга байланыштуу мурдагы президенттин администрация жетекчиси жана башка чиновниктер ак болсо, ал каражатты бюджетке кайрып берүүсү керек. 1999-жылы декабрда Медет Садыркулов Баткен окуясына керектелет делген 500 миң долларды экс-президент Аскар Акаевге алып барып бергени тууралуу кылмыш иши козголуп Биринчи май райондук сотунда 2005-жылы сентябрда каралып, ага байланыштуу ошол кездеги каржы министри Султан Медеров, улуттук банктын мурдагы төрагасы Улан Сарбанов да сотто суралышкан. Сот ал акчаны Аскар Акаевди алды деп, бирок чиновниктердин күнөөсү жок деген чечимин чыгарган.
Өкмөт өз кезегинде азык-түлүк кымбаттагандыгына карата көрүлө турган иш чараларды эртеңки жыйында караган жатат. Өкмөт жыйынына президент Курманбек Бакиев катыша тургандыгын президенттин басма сөз кызматы кабарлады. (KCh)